Айдар Алымбеков: "Коррупцияны жоюуну эң биринчиден укук коргоо органдарынан баштоо керек"

12 октября 2018

Учурда Кыргызстанда коррупция күчөп, карапайым калкты кой, бийликте отурган аткаминерлер да коррупцияга шектелип камалып жатышат. Мындай көрүнүштөр эмне себептен болуп жатат? Коррупцияны кантип жоюу керек? Трайбализмдин өлкөгө тийгизген таасирлери тууралуу коомдук активист Айдар Алымбеков пикирин билдирди.

 

-Кыргызстанда коррупция качан күч алды?

- Дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда коррупция абдан көбөйгөнү баарына маалым. Менин бул сөзүмдү “Transparency International” уюму тастыктап берет. Уюм жыл сайын 182 өлкөнүн ичинде изилдөө алып жүргүзүшөт, биздин мамлекеттин эң жакшы көрсөткүчү 136- орун болгон. Менин оюмча Кыргызстанда коррупция 2000- жылдарда күч алган. Анын башкы себептери өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, жумушсуздук, трайбализм, билим берүү системасындагы көйгөйлөр, криминал.

- Бүгүнкү күндө коррупциянын жоюуну кайсы органдан баштоо керек?

Коррупцияны жоюуну эң биринчиден укук коргоо органдарынан жана сот тармагынан баштоо керек. Андан соң: Мамлекеттик каттоо, салык кызматы, Бажы кызматы, энергетика системасы, билим берүү тармагы.

-Эмне себептен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар иштебей келет?

Мунун объективдүү себептери бар.

 1) Социалдык себеп - бул менталитет, маданият тарбиялоо, коомдун күчсүз укук сезими. Уруу, аймактык деңгээлдеги мамиле.

2) Экономикалык көйгөйлөр - бул ар бир чыккан мыйзам акча жактан камсыз болуш керек

-Коррупция менен эффективдүү күрөшүү үчүн кандай чараларды колдонуу керек?

-Коррупция менен эффективдүү күрөшүү үчүн эффективдүү реформаларды ишке ашырыш керек. Грузиянын тажрыйбасы карап, изилдеп көрсөк болот, себеби ал бизге жакын. Биринчиден Грузия биздей болуп СССРдин курамында болгон (жашоо шарттары окшош болгон), экинчиден мамлекетти аймагынан карасак биздикиндей кичинекей өлкө. Үчүнчүдөн Грузияда жаратылыш ресурсу жок (нефть газ). Реформаны жүргүзүү биринчиден ИИМде башталган, калктын коопсуздугун коргоо үчүн. Бу жаатта азыр Кыргызстан “койлорду карышкырга кайтарткандай” абалда.  

Экинчиден мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартты. Бизнести дерегуляциялаган. Реформанын эң башкы жетишкендиги бул Адилет үйү  деген мамлекеттик мекеме пайда болгон. Ал мекеме 300 тейлөөнү камсыз кылат: эң башкылары паспорт берүү, никени каттоо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, менчиктештирүү ж.б. Баардык ишти аткаруу 10 мүнөттөн ашпайт.

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү үчүн XXI  кылымдын методдорун колдонуш керек. Бул электрондук долбоор, аны өкмөт ишке ашыруусу зарыл.

- Акыркы убакта чоңдордун коррупция менен кармалганы көбөйүүдө, бул эмнеден кабар берет?

Мен ойлойм чоңдордун коррупция менен кармалганы саясий заказ же пиар. Статистикага таянсак, көпчүлүгү камактан чыгып акталган же оорусуна шылтоолоп, башка өлкөлөргө качып кетишкен.  

-Кыргызстанда аткаминердин айланасында иштегендердин баары досу, таанышы, тууганы. Же жаңы жетекчи келсе, сөзсүз көп кызматкерлер да алмашат. Бул улуттук тууганчыл мүнөзүбүзбү же башка себеби барбы?

Ар бир жетекчи өз командасы менен иштегени келет, ишенимдүү адамдар менен. Бул жерден мен көйгөй көргөн жокмун. Бирок жаңы кызматкерлер кесипкөй эмес болуп, иш-билгилиги төмөн болсо, демек бул - трайбализм

-Бийликтегилер да уруусуна карап, жердеш болуп топ-топко бөлүнүшөт деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

-Азыркы убакытта уруусуна, жердигине карап бөлүнгөндөр бар, бирок мурункуга салыштырмалуу азайып бара жатат. Анын себеби саясатта бир эле аймакка иштесе эч качан чоң жетишкендиктерге жетпейсиң, ошондуктан азыр биригип башташты.

ыргызстандагы трайбализмдин өнүгүшү эмнеден деп ойлойсуз?

-Кыргызстанда трайбализмдин өнүгүшүнүн себеби бул биздин тарых. Кыргыздар илгертеден баштап бөлүнүп келген урууларга, түндүк-түштүккө

- Трайбализм Кыргызстанга кандай таасирин тийгизип жатат жана андан арылуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

-Трайбализмге каршы  мамлекет  тарабынан эч кандай  саясат жүргүзүлбөйт, же концепция жок. Баардыгы социалдык-экономикалык абалга токтолуп жатат.

Трайбализм мамлекеттин экономиканын өнүгүүсүнө, мамлекеттик жана саясаттык туруктуулугуна жаман таасир берет. Трайбализм менен күрөшүү үчүн биз сезимибизди өзгөртүшүбүз керек, балдарды бала бакча кезинен туура тарбиялап, базар экономикасынын өнүктүрүү зарыл.Административдик аймактык бөлүмүн реформалоо керек. Өз алдынча жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү максатка ылайык.

-Рахмат! Ишиңизге ийгилик!

-Сиздерге да ыраазычылык!