Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат өлкөнүн улуттук байлыгы, Кыргызстандын элинин менчиги болуп саналган жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликсиз башкарууга көнгөн адамдардын кызыкчылыгына карама-каршы келет

6 марта 2023 Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат өлкөнүн улуттук байлыгы, Кыргызстандын элинин менчиги болуп саналган жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликсиз башкарууга көнгөн адамдардын кызыкчылыгына карама-каршы келет

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «24.kg» маалымат агенттигинин 2023-жылдын 1-мартында жарыяланган «Кыргызстандын серепчилери экологияны тоо-кен өндүрүшүнөн бөлүүнү сунуштоодо» («В Кыргызстане эксперты предлагают отделить экологию от горнорудки») деген макаласына жооп катары төмөндөгүлөрдү билдирет.

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын президенти Д. Камчыбековдун тоо-кен тармагы менен экологиянын өзүнчө бөлүнүп иштөө зарылчылыгы жөнүндөгү билдирүүсү – өлкөлөрдүн экологиялык саясатынын артыкчылыктуу багыты, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнча азыркы замандын талаптарына туура келбеген терс позиция болуп саналат. Министрлик тарабынан мамлекеттик башкаруунун экологиялык-ресурстук системасы, башкача айтканда – комплекстүү мамиле ишке ашырылууда. Мындай чечимдин зарылдыгы жаратылыш ресурстарынын түгөнүшүнүн жана айлана-чөйрөнүн булганышынын өсүп жаткан тобокелдиктери жана коркунучтары менен шартталган.

Бул көйгөйлөрдүн баары Кыргызстан үчүн актуалдуу: талкаланган жерлердин аянты, калдыктар, суу ресурстарынын булганышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн бузулушу өсүп жатат. Мындан тышкары, табигый капиталдын түгөнүп кетиши экосистемалардын калыбына келишине жол бербеген башкаруунун начардыгынан улам күчөгөн. Узак убакыт бою экология жана жер казынасын пайдалануу тармактарында башкаруу төмөнкү органдар тарабынан өзүнчө жүргүзүлүп келген: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги, Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги. Мындай көрүнүш 90-жылдары түзүлгөн мамлекеттик экологиялык көзөмөл, жер казынасын коргоо боюнча лицензиялык көзөмөл системаларын талкалап, жаратылыш ресурстарынын жоголушуна жана экологиялык мыйзам бузууларына алып келип, жергиликтүү калктын нааразычылыгын жараткан.

Кырдаалды оңдоо үчүн 2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги түзүлүп, ал көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн бардык жүгүн өз мойнуна алган.

Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментине өзгөртүлүп, Энергетика министрлигинен өткөрүлүп берилген (актысы 31.01.2022-ж. кабыл алынган).

Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин ишмердүүлүгүнүн анализи мурдагы экономикага жана өлкөнүн бюджетине зыян келтирүүгө алып келген коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушу үчүн шарттар түзүлгөнүн көрсөттү. Тактап айтканда, жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн чегерилишине (эсептөөнүн тууралыгына) жана төлөнүшүнө көзөмөл болгон эмес, жер казынасын пайдалануучулар менен салыштыруу актылары түзүлгөн эмес. Лицензиаттардын маалымат базасы толтурулган эмес, жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо процессинин Административдик регламенти иштелип чыккан эмес. Лицензиялоо иштери жол-жоболоштурулган эмес (инвентаризация, барак номерлери жок), жокко чыгарылган лицензиялар боюнча иштер 2016-жылдан бери архивге өткөрүлбөй келген.

Буга байланыштуу азыркы учурда Жаратылыш ресурстар министрлиги жер казынасын пайдаланууда тартипти орнотуу боюнча чараларды көрүп жатат. Лицензиаттардын маалымат базасын түзүү үчүн кызматкерлер бөлүндү, төлөмдөрдү салыштыруу максатында пайдалануучуларга тийиштүү маалыматты жиберүү тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө лицензия алуучулардын 60%дан ашыгы маалыматтарды беришти.

Министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат өлкөнүн улуттук байлыгы, Кыргызстандын элинин менчиги болуп саналган жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликсиз башкарууга көнгөн адамдардын кызыкчылыгына карама-каршы келет.

Ушундан улам мурдагы баш аламандыкты жана хаосту кайтаруу аракеттери жанданууда. Лицензиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө жана лицензияларды жокко чыгаруу практикасында көптөгөн тоскоолдуктар бар, бул көбүнчө экологиялык, өндүрүштүк жана фискалдык аспектилерде ар кандай мыйзам бузууларга алып келет.

Жаратылыш ресурстары министрлиги акырында бардык өзгөрүүлөр оң натыйжа берип, адамдын жашоосунун сапатына жана айлана-чөйрөнүн абалына оң таасирин тийгизиши үчүн максаттуу иштеп келе жатат.

Биз урпактарыбызды татыктуу жашоо үчүн жетиштүү ресурстар менен камсыз кыла турган системаны курушубуз керек. Ошондуктан, башталган иштин үзгүлтүккө учурашына жол бербөө, Кыргызстандын коргоого муктаж болгон жаратылыш байлыктарын сактап калуу – өтө маанилүү.  

Коомчулук менен бирге айтылуу тармакты көзөмөлдө максатында министр арыздарды кабыл алууда, кароодо, лицензиялык документтерди тариздөөдө жана берүүдө, лицензиялык иштерди эсепке алууда жана сактоодо, лицензиаттарды эсепке алууда, жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн чегерилүүсү жана төлөнүшүндө, жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун угуп-макулдашууда мыйзам талаптарынын сакталышын изилдөө боюнча атайын комиссия түздү.

Өлкөбүздүн бардык камкор, аң-сезимдүү жарандары жаратылышты коргоо тармагындагы тазалык жана тартип үчүн болгон күрөштө бизди колдойт деп ишенебиз.