Иш-чара 21-декабрда 13:00дө башталып, 23-декабрга чейин созулат.
Борбор калаадагы Курманжан датка эстелигинин алдында Рождество майрамына арналган көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чара 21-декабрда 13:00дө башталып, 23-декабрга чейин уланат. Мындан сырткары, көргөзмө-жарманкенин ачылышы майрамдык концерт менен коштолот.
"Рождество майрамына арналган жарменкеден кызыктуу, өзгөчө жаңы жылдык белектерди алса болот. Иш-чарадан колго жасалган буюмдардан балаты оюнчуктары, жүн, кийизден жасалган буюмдар, этникалык кийимдер, айтор, кызыктуу көп нерселерди таба аласыздар", — деп жазылат маалыматта.
Жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан 30дан ашык кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчүлөр катышмакчы.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Николай Филяков