Аталган мекеме IV сериядагы банкнотторду жакшыртуу планы аяктаганын билдирди.
Улуттук банк жакшыртылган 20 жана 5000 сомдук банкнотторду чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул акчалар жүгүртүүгө 20-декабрда чыккан. Алар 2016-жылкы үлгү менен жасалган.
Улуттук банк бул акчаны чыгаруу менен IV сериядагы банкнотторду жакшыртуу планы аяктаганын кошумчалады.
Банкноттор:
— Классикалык ыкма менен жасалган так, даана көрсөтүлгөн сүрөт;
— Mask элементи. Жарык тийген жерден "сом" деген сөз пайда болот (5000 сомдук банкнотто гана).
Улуттук валютанын IV сериясындагы жакшыртылган банкноттор буга чейин жүгүртүүгө берилген 1, 10 жана 50 тыйын ошондой эле 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом акчасы менен кошо эле иштеп баштайт.
Дагы: sputnik.kg,фото-© Фото / пресс-служба НБКР