Эркектин кубаты: бүт дүйнөдө сперматозоиддин сапаты кетип жатканынын беш себеби

15 января 2023 Эркектин кубаты: бүт дүйнөдө сперматозоиддин сапаты кетип жатканынын беш себеби

Эркектер эякуляция жасаган учурда бөлүнүп чыккан спермадагы концентрация соңку элүү жылда 51% азайды. Бул жөнүндө Израилдеги Иерусалим Еврей университети менен АКШнын Синай тоосундагы Медициналык мектепте жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жарыяланган негизги корутундусунда айтылат.

Изилдөөчүлөр 1970-жылдары эркектердин ар бир миллилитр уругунда 101 миллион репродуктивдүү клетка болгонун, андан бери бул көрсөткүч 49 миллионго түшкөнүн эсептеп чыгышты.

Сан гана эмес, эркек уругунун сапаты да кетип жатканы айкын болду: урук клеткасына жетип барганга жарактуу клетакалар дагы соңку он жылдыктарда аябай эле азайып кетти.

"Бизди таң калтырган эң негизги нерсе - сперматозоиддердин кыймылын жоготуп жатканы. Бул сапаты болбосо, алардын уруктандырууга күчү азаят", - деп белгилейт уролог жана андролог Моасир Рафаэль Радаэлли, Бразилиянын жардамчы репродукция ассоциациясынын вице-президенти.

Эркектер уругунун кубатынын туруктуу түрдө азайып жатканы медицина кызматкерлерин катуу ойго салууда.

"Бул тынчсыздандырбай койбойт, анткени биз бул начарлоонун тездик менен жүрүп жатканын көрүп жатабыз, анын аягы эмне болорун билбейбиз",-дейт Эдуардо Миранда, Бразилиянын урологдор коомунун бөлүмүнүн координатору.

Андан сырткары, соңку жылдары эркектердин уругунун азайып жатканынын ылдамдыгы да жогорулады. Израил менен АКШда жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, 1970-жылдардан 1990-жылдарга чейин эркектер уругунун концентрациясы жылына 1,16% төмөндөп жаткан болчу.

Бирок 2000-жылдардан баштап бул көрсөткүч 2,64% өстү. Башкача айтканда, ал эки эсе жогору темп менен төмөндөй баштады.

Бул глобалдык көрүнүш: эркектердин уругунун азайып жатканы бардык континенттерде болду, ал эми Европа, Африка, Борбордук жана Түштүк Америкада бул процесс ылдамыраак жүрдү.

Бул феномендин артында эмне бар? Эксперттер бери дегенде беш себепти атап жатышат. Жакшы жагы, аларды жакшыртуунун жолдору жок эмес.

1. Семиздик

Салмактын ашыктыгы сперматозоиддерге толтура зыян алып келет. Майлуу клеткалардын өсүшү эркектин уругундагы эң маанилүү гормон болгон тестостеронго тикелей таасир берген сезгентүүчү нерселерди пайда кылат.

Ашыкча салмак, аз кыймылдоо жана туура эмес тамактануу эркектер уругунун кубаты азайып жатканынын негизги себептери.

Миранданын айтымында, ашыкча салмак өз кезегинде кычкылдаштыруучу стрессти чакырат - бул организмдин ар кандай клеткаларын буза турган процесс.

"Андан сырткары, семиз адамдардын гениталий жагында май көп болот, бул сперматозоиддерге зыян",-дейт уролог.

Репродиктивдүү клеткалар сакталган жумурткалар нормалдуу иштеши үчүн андагы температура адамдын денесинин температурасынан 1-2 градус төмөн болушу керек, ошондуктан калта денеден сырткары турат.

Майдын көбөйүшүнөн репродиктивдүү органдар ысып кетип иштебей калып жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бүт дүйнөдө эркектердин 39% ашыкча салмакта экенин, 11% семиздиктен жапа чегерин аныктаган, бул соңку жылдары сперматозоиддин начарлап кетип баратканын түшүндүргөн статистика.

2. Психоактивдүү заттар

Алкоголь, тамеки, вейпинг, марихуана, кокаин, анаболитикалык стероиддер... Бул баңгизаттар баары тең эркектер уругуна таасир берет.

"Булардын кээ бири сперматозоиддерди пайда кылган урук клеткаларын талкалайт",-дейт Миранда.

Башка баңгизаттар жумурткалардын иштешин стимуляция кылган гормондордун иштеп чыгышына таасир берет. Эксперттер өзгөчө баса белгилеген мисал - эркектердин ар кандай таблеткалар, иньекциялар менен булчуңдарын чоңойтуп жатканы.

"Бул рынок соңку жылдары кутургандай өсүп жатат",-деп эскертет Радаэлли.

Дарыгердин айтымында, бул гормонду жөн эле алмаштыра бергенде организм анын табигый иштелип чыгышында зарылдык жок экенин түшүнөт. Натыйжада жумурткалар бузулуп, ал эми эркек уругунда сперматозоиддердин саны нөлгө, азооспермия абалына түшөт.

3. Жыныстык жол менен жуккан инфекциялар

Хламидиоз, гонорея сыяктуу бактериялар чакырган жугуштуу оорулар жумурткалардын негизин сезгендирет. Бул жумурткалардын жогору жагы менен байланышып, сперманын сакталашына жооп берген структура.

Бул жактагы проблемалар уруктун жашап кетишине коркунуч жаратат.

ДССУнун маалыматы боюнча, 2020-жылы эле эркектер менен аялдар арасында хламидиоздун 129 миллион учуру, гонореянын 82 миллион учуру катталган. Бул көрсөткүч туруктуу же соңку он жылдыктарда жогорулап келатат. Радаэлли бул тизмеге үчүнчү патогенди кошот: ВПЧ аббревиатурасы менен белгилүү болгон адамдын папилломасынын вирусу.

"Бул дагы сперматозоиддердин иштелип чыгышына жана анын ДНКсына таасир берери белгилүү",-дейт ал.

4. Тизедеги компьютер

Жумурткалар адамдын денесиндеги температурадан 1-2 градус төмөн болушу керектигин жогоруда айттык, ал эми соңку он жылдыктардагы изилдөөлөргө карасак, ноутбукту тизеге коюп алып иштеген адат дагы эркек уругуна тобокелдик жаратат экен.

Анткени ноутбуктун батареясы ысып, сперманы кошо ысытып, анын бузулушуна алып келет.

Ноутбукту көп саат бою алдыңа кармоо сперманы кошо "бышырат".

Миранда ошондой эле жогорку температура менен байланышкан ар кандай адаттар, мисалы ысык ванна же сауналарда көпкө жүрүү дагы тукумдашууга тоскоолдук кылышы мүмкүн дейт.

Андан кийинки орунда технология - доктор электромагниттүү толкундардын, телефон сигналдарынын жана зымсыз интернеттин дагы зыяндарын айтууда.«Лабораторияларда өткөрүлгөн экспертменталдык изилдөөлөрдө Wi-Fi же электромагниттүү толкундар сперматозиддерге таасир бере турганы текшерилген», — дейт ал.

5. Эндокриндик зыянкечтер

Эң акырында адистер эндокриндик зыянкечтер катары белгилүү уулуу заттарга көңүл бурушууда.

Анын тизмесине атфосферадагы булганыч заттар, ошондой эле пластмасса менен пестициддер кирет.

Бул молекулалардын структурасы биздин организмдеги гормондорго аябай окшош, ошондуктан алар клеткалык рецепторлорго чейин кирип, жаман процесстерди башташы мүмкүн.

Жакында болгон изилдөөлөргө караганда, бул факторлор эркектердин уруктандырууга болгон жөндөмүнө таасир этпей койбойт.«Биз бул көйгөйдүн масштабын азыркыга чейин так билбейбиз, ал үчүн дагы көп изилдөө керек",- дейт Радаэлли.

Тукумсуз дүйнө?

Курчап турган чөйрөдөгү факторлорго кошумча болгон дагы эки ички көйгөй бар.

Анын биринчиси генетика. Баланын төрөлүшүндөгү кыйынчылыктардын 10 пайыздан 30 пайызга чейинкиси эркектердин ДНК менен байланыштуу экени аныкталган.

Бузулган сперматозоиддердин үлүшү да кийинки жылдары көбөйдү

Экинчи фактор эркектердин улам кечирээк ата болуп жатканы менен байланыштуу.

«Эркектердин уруктандыруу жөндөмү жашоодо убакыт өткөн сайын төмөндөп жүрүп отурарын билебиз. Эркектерде аялдардыкындай даана байкалбаса дагы, урук өндүрүү үчүн маанилүү болгон гормондор азайат»,- деп түшүндүрүүдө ал.

Эгер сперматозоиддердин саны соңку 50 жылда 51% азайса, анда мындай ылдамдык менен бара-бара бул нөлгө жакындап барабы?

Эгерде төмөндөө ылдамдыгы азыркы деңгээлде боло берсе, 2050-жылы спермадагы клеткалардын концентрациясы иш жүзүндө жок болуп калган атпайбы.

Бирок Миранда мындай кыямат күн келет деп ойлобойт.

«Бул кырдаалдын начарлоо тенденциялары, бирок кайсы бир учурда бул процесс басаңдайт, биз жаңы технологиялардын жардамы менен жаңы белге чыгабыз деп ойлойм»,-дейт.

Эмне кылыш керек?

Балалуу болгусу келген эркектер жашоо образын өзгөртүп, жумурткаларына зыян алып келе турган ар кандай көйгөйлөрдүн алдын алышы керек.

Мисалы, туура тамактанып, физикалык жагынан активдүү болуп арыктап, ошондой эле арак, тамеки жана баңгизаттардан таптакыр баш тартып же кыйла кыскартышы абзел.

Туура эмес тамактануу далай ооруну чакырат...

Ден соолук үчүн маанилүү болгон уйку тууралуу 10 факты

Т. Батыралиев: Антибиотикти нандай "жеп" калдык, бул өтө зыян...

Чаржайыт түрдө ар ким менен төшөккө жата бербей, хламидиоз жана гонорея сыяктуу инфекциядан сактаныш үчүн презерватив колдонушу керек.

Өспүрүм куракта эле ВПЧдан эмдөө алган адамдар вирус менен анын кесепетинен жакшы корголот.

Жашоодо ушундай аракеттер дагы балалуу болууга жардам бербесе, анда дарыгерге кайрылыш зарыл.

Улуттук жана эл аралык сунуштарга ылайык, адистерге кайрылуу убактысы аялдын курагына жараша болот.

«Эгер ал 35 ке чыга элек болсо, түгөйлөр бир жылга чейин байма-бай аптасына үч жолу жыныстык катнаш жасап, фертилдик убакыттарды көзөмөлгө алып, балалуу болууга аракет кылышы керек"—дейт Миранда.

Эгер аялдын жашы 35 жогору болсо, жарым жылда дагы боюнча бүтпөсө, бул жаман белги.

Мунун себеби бул курактан баштап жумуртка клеткаларынын запасы ыкчам түрдө кыскара баштайт.

«Изилдөөгө түгөйлөр бирге катышып, негизги себептерди аныктап, дарылоонун жакшы жолдорун табуу керек», — дейт Радаэлли.

Эгер эркектерде проблема болсо, адатта антиоксиданттарга бай витаминдик кошумчаларды жазып беришет, алар жумурткаларды жакшы сактайт.

Ошондой эле тамак-аш кошумчалардын жардамы менен гормондорду жакшыртса болот.

«Анан, албетте, негизги көйгөйдүн себеби болгон кээ бир ооруларды дары-дармек же хирургиялык жол менен дарыласа болот»,— дейт Миранда.