66 миллион жыл мурда Жерде мезозой доорунун акыркы баскычы – бор мезгили аяктаган. Ал сыйкырдуу (же, айрымдар айткандай, акыр замандык) окуя менен соңуна чыккан: туурасы 10 чакырымга созулган эбегейсиз зор метеорит (астероид) Жерге кулап түшүп, анын айынан миллиард сандагы өзөктүк бомба жарылгандай алааматтуу окуя болгон жана анын жарылуу толкуну Жер бетин бир нече ирет айланып чыккан.
Бул ири жарылуу токойлорду күлгө айлантып, эбегейсиз зор деңиз толкунун жаратты. Көө менен чаңдын миллиондогон тонналары обого бир нече чакырым бийиктикке калкып чыкты.
Метеорит планетанын ошол доордогу ээлерин – динозаврларды биротоло жок кылды (алардын баары тең бир учурда жана бир заматта набыт болгон эмес, бирок акыр аягында алар мындай алааматтуу соккудан аман калышкан жок).
Динозаврлар менен бирге Жер бетиндеги флора менен фаунанын бардык түрлөрүнүн төрттөн үч бөлүгү ойрон болду. Бирок, ошол эле учурда, метеорит мурда негизинен көмүскөдө байырлап келишкен кээ бир майда жана көзгө көрүнбөгөн сүт эмүүчүлөрдү "аяп", аман калтырып койду. Эмнеге алар караңгыда кала бергендигинин сыры ушунда – бул бечаралар эбегейсиз зор көлөмдөгү динозаврлар менен ачык жайда эч атаандаша алышкан эмес. Бул жандыктар эволюциялык жол менен азуусун жана курч тырмагын өстүрүүгө үлгүрүшкөн эмес –бул майдараак сүт эмүүчүлөрдү ага жеткирбестен эле оп тартып жеп салышчу.
Тирүү калгандардын арасында биздин өтө алыскы туугандарыбыздын бири да болгон: ал – жатынында түйүлдүктү сактап туруучу тону бар сүт эмүүчү жаныбарлардын (приматтардын) эң алгачкы түрлөрүнүн бири болгон эң байыркы пургаториус маймылы эле.
Бул жандык көлөмү боюнча кичинекей тыйын чычкан менен жер чукуурдун (чычкандай болгон жандык; Soricidae) чоңдугуна жакын келет. Сыягы, ал ийин казып жашаса керек жана курт-кумурскалар жана кезиккен бардык кенедей жандыктар менен азыктанган окшойт. Бул жандык тамак тандачу эмес жана көзгө көп учурабай жашачу. Азыркы чен-өлчөм менен алганда, ал кемирүүчүлөрдүн экологиялык уясын ээлеген көрүнөт.
Метеорит пайда кылган алааматтан эсен калгандардын бири – биздин өтө алыскы ата-бабабыз болгон кичинекей пургаториус эле.
"Келемиш каяктан болбосун аман-эсен чыгып алат" деген накыл сөз – "Сүт эмүүчүлөрдүн жогорку сереге чыга келиши жана өкүм жүргүзүүсү" аттуу китептин негизги ою болсо керек. Аны жазгандар – Стив Брусатти жана анын Шотландиядагы Эдинбург университетиндеги палеонтолог кесиптештери. Бул китептин авторлору кантип эң байыркы сүт эмүүчүлөр астероиддин кыйраткыч соккусунан кийин Жердеги тиричиликтин эң азаптуу кырдаалына ыңгайлаша калууга үлгүрүшкөндүгүнүн сырын ачып изилдөөнү чечишкен.
Албетте, алааматтуу кырсыктын күнү бардык эле тирүү жандыктар (динозаврлар гана эмес, башка сойлоочулар үчүн, ошондой эле балыктар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр үчүн дагы) азапка туш болгон.
"Бул – жөнөкөй эле астероид эмес болчу. Ал – акыркы жарым миллиард жыл ичиндеги эбегейсиз зор астероид болгон, – деп баса белгилейт Брусатти. – Мунун айынан сүт эмүүчүлөр динозаврлардын артынан тукум курут болоорго аз эле жерден калышкан".
Эдинбург университетинин палеонтологу Сара Шелли айымдын айтымында, бор доорунун акырына карата эмнегедир сүт эмүүчүлөр өтө арбын санда болушкан.
Алардын ичинде бак-дарактарда же ийиндерде байырлаган курт-кумурска жегич жаныбарлар, ошондой эле, алдыңкы тиштери мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды кемирип жегенге ылайыкталып, курч болгон өтө таң каларлыктай жандыктар да бар болчу.
Сөөктөрдү кемирип сындырууга ылайыкталган абдан кубаттуу жаактары бар, көлөмү мышыктай болгон кичинекей жырткычтар да бар эле.
Метеориттин алааматтуу соккусунан кийин дароо эле бул ар түрдүүлүктү түзгөн жандыктардын басымдуу көпчүлүгү (сүт эмүүчүлөрдүн ар бир 10 түрүнүн 9у) тукум курут болгон. Арийне, эптеп тирүү калгандарга буга чейин эч болуп көрбөгөндөй болгон жаркын келечек ачылды да калды.
"Жөн гана элестетип көрсөңүз: Сиз – биздин эң байыркы бабабаларыбыздын бири болдуңуз дейли. Көлөмүңүз чычкандан деле чоң эмес. Аркы-терки булуң-бурчка мант берип турган кичинекей жырткычсыз, дейли, – Брусатти өз сөзүн салыштыруу айтып улантты. – Анан эле, капысынан, тарыхый бир жаңы доор башат алып жатпайбы: тиранозаврлар жана алар сыяктуу абдан зор көлөмдөгү кескелдириктер бүт бойдон көздөн кайым болушту да, бүткүл дүйнө таман астыңызда суналып жатып калды".
Сүт эмүүчүлөр миллиондогон жылдар бою динозаврлардын көлөкөсүндө кичинекей жана көзгө анчейин учурабаган бойдон жашашкан.
Бул жерде, чынын айтсак, бир кичинекей кынтык бар эле: ири өрттүн айынан коркунучтуу динозаврлар менен бирге бардык токойлор да жок болуп кетти, асман көөдөн улам карарып, күн жарыгы түтүндөн бери өтпөй калды да, фотосинтез жүрүмү токтоп калды. Бир сөз менен айтканда, нагыз өзөктүк кыш өкүм сүрүп кирди. Экосистемалар ойноочу картадан жасалган үйлөр сыяктуу оңой кыйрап түшүп, дүйнө күтүлбөгөн эле жерден мээримсиз жана ал түгүл кастыгын көрсөткөн чөйрөгө айланды.
Деги сүт эмүүчүлөр мындай шартта биринчи кезекте эмне иш кылышкан? Бул үчүн туура жооп – алар динозаврлардын көлөмүндөгүдөй чоңдукка чейин эт байлап өсүп кирген эмес.
Аз болсо да, саз болсун!
Бул сүт эмүүчүлөрдүн өтө чакан көлөмү алардын алгач динозаврлар менен атаандашууга туура келгендиги менен аныкталган; алар бул атаандаштыкты көп жагынан уттуруп жиберишкен, бирок "алааматтуу кырсык мезгилинин фаунасы" үчүн бул кемчилик күтүлбөгөн жерден өтө чоң жана ал тургай тирүү калуу үчүн өтө маанилүү артыкчылык болуп чыкты.
"Бул сүт эмүүчүлөр чычкандар же келемиштер сыяктуу көрүнгөн жана алардын сыңарындай иш-аракет кылышкан. Алар ушу бойдон көздөн далдаада калышмак, бирок алар "өтө таң калардык сыйкырдуу жаңы дүйнөдө" гүлдөп өсүштү, анткени алар акыр замандан кийинки азаптуу шарттарга абдан мыкты көнүп бүткөн жандык болуп чыгышты", – дейт Брусатти.
Жаңы кырдаал майда жандыктарга улам тукум улап көбөйүү үчүн ыңгайлуураак болуп чыкты.
Эдинбург университетинин дагы бир палеонтологу Орнелла Бертран айым эске салгандай, азыркы жаныбарлардын арасында алар канчалык чоң болсо, алардын түйүлдүктү жатында жетилтүү мөөнөтү ошончолук узакка созулат. Мисалы, африкалык пилдин ургаачысы пилдин баласын жатынында 22 ай бою көтөрүп жүрсө, чычкандын боюндай бою бар болгон жандыктын жатында жетилтүү убагы 20 күнгө эле созулат.
Алааматтуу кырсыктан кийин чычкандын чоңдугундагы жаныбарлардын мурдагы санга тез эле жетүү үчүн тез тукумдап, дүрт этип көбөйүп чыгышы таң калычтуу эмес.
Анын үстүнө чоң жаныбарлардын балдарынын туулгандан кийин эрезеге жетүүсү көп убакытты талап кылат: бул жагдай – динозаврлардын, өзгөчө алганда, ири динозаврлардын, тукум курут болушунун дагы бир себебине жатат.
"Ал динозаврларга жетилүү үчүн узак убакыт талап кылынды: тиранозаврдын жаңы туулган баласы үчүн жетилүүгө 20 жыл керек болду, — дейт Брусатти. — Бул – алар жай өскөндүктөн эле эмес, алардын көбүнүн чоңдугу өтө зор болгондуктан. Кымындай ымыркайдан эрезеге жеткен динозаврга айлануу үчүн өзгөчө көп убакыт керек болчу".
Жер астында, бирок эң башкысы – тирүү калышты
Алааматтуу кырсыктан кийин сүт эмүүчүлөрдүн байсалдуу аман калышынын дагы бир ачкычы ушундадыр: палеоценде жана бир аз кийинчерээк орун алган доорлордо алардын дене түзүлүшү абдан таң каларлыктай көрүнүшкө ээ болчу.
Палеоцен доорундагы сүт эмүүчүлөр менен азыркы доордогу жаныбарлардын жото жиликтерин салыштырып изилдеп жаткан эдинбургдук дагы бир илимпоз Сара Шелли айымдын оюна караганда, эң байыркы сүт эмүүчүлөрдүн жото жиликтери азыркы жаныбарлардыкына караганда алда канча салмактуураак жана бекемирээк келишет (жото жиликтер, адатта, башка сөөктөргө салыштырмалуу дурусураак сакталышат).
Периптикус жандыктары – заманбап чочко жана уйлардын алыскы ата-бабалары жана алар кырсыкка чейинки кезеңден айырмаланып, булчуң чыңдап жана салмак сала баштаган.
Акыр замандан кийинки делген доордогу жаныбарлар кубаттуу булчуңдарга жана бекем сөөктөргө ээ болгон. Алардын сөөктөрү азыркы ийин казган жаныбарлардын сөөктөрүнө абдан окшоп кетет.
"Мындан улам, – дейт Шелли айым, – алааматтуу кырсыктан ийгиликтүү чыга алган жаныбарлар жер астын терең бургулоого жөндөмдүү болгон деген жоромол келип чыккан. Алар эбегейсиз зор соккудан жана андан кийин каптаган өрттөн эсен чыгышты, андан соң жер кыртышынын астында жатып алып, ошол жерде өзөктүк кыштын өтүп кетишин күтүп турушту. Жалпысынан, алар жер астында узак убакыт бою кала беришти".
Кыргынга алып келген кырсыктан аман калган жаныбарлар чымыр дене түзүлүштөрү менен айырмаланышкан жана алардын урпактары бул пайдалуу белгилерди мурастап калышкан.
"Бул жагдай 10 миллион жылга созулган бүткүл палеоцен доорун өзүнө камтыгандыгын байкалса болот, – деп белгилейт Шелли айым, – ал тургай, дарактарда жашаган жаныбарлар дагы москоол сөөктүү болушкан".
Бирок, эгерде бул жаныбарлар чындап эле өздөрү казган же башкалар ээлеген ийиндердеги жер астындагы жашоого ыңгайлашкан болчу болсо, анда, Бертран айымдын оюна караганда, бул жагдай алардын шамдагайлыгына кесепет тийгизбей коё алмак эмес болчу. Чынында эле, эмне үчүн ийин казуучуга сырттагы тыйын чычкандын шамдагайлыгы керек болмок?
"Биз көз ачып-жумгуча токой ойрон болгонун билебиз. Бак-дарактарда жашаган жаныбарлардын баары күтүлбөгөн жерден эле демейдеги тиричилик чөйрөсүн жоготуп алышкан, – дейт Шелли айым. – Демек, шамдагайлык менен ийкемдүүлүк эми анчейин керек болбой калышты, деген илимий жоромол бар".
Кыймылдагандардын да, кыймылсыздардын да баары тең бар
Ири астероиддин кулап түшкөн учурунда кыртыштагы дээрлик бардык өсүмдүктөр жок болду. Алар көптөгөн тамак-аш чынжырларынын баштапкы бөлүгү болчу да. Натыйжада, сүт эмүүчүлөрдүн ичинен тамак-ашты азыраак иргеп азыктанган түрлөрү артыкчылыкка ээ болушту. Азыкты өзгөчө тандап жегич жандыктар ачкадан кырылышты.
Мисалы, ошол мезгилдеги сүт эмүүчүлөр үчүн көлөмү чоңураак, бою болжол менен мышыктыкындай келген, өзүнөн кичинерээк жаныбарларга аңчылык кылган, өз баласын кенгуруча бел куржунуна салып алып жетиштирчү чакан жырткыч жаныбар – диделфодон эле. Бул жырткыч сүт эмүүчү жандык алааматтуу кырсыктан кийин башка диетага өтө албай калды да, экологиялык ордунан айрылып, таптакыр кырылып жок болуп кеткен.
Шелли айым: "Алааматтан эптеп аман калган жаныбарлар бир гана азык түрүнө ашыкча байланып чектелбегендигинин аркасында гана тирүү сакталып калышты. Эгерде сиз көлөмүңүз чакан эле жырткыч жаныбар болсоңуз, анда өз диетаңызды жана турмуш таризиңизди жеңилирээк жана тезирээк алмаштыра аласыз. Азык түрүн мындайча ийкемдүү алмаштыруу – тирүү калуу үчүн эң мыкты стратегия", – деп аңдатты.
Кандай болсо да, Брусатти мырза белгилегендей, кээде, тескерисинче, тар адистик деле жардам бере алган. Ошентип, өсүмдүк уругу менен азыктанууга ыңгайлашып алган коркок жаныбарлар күтүлбөгөн жерден жеңиш ээлерине айланышкан.
"Уруктар алар менен азыктанчу ар кандай жаныбардын азык кору болгон, – дейт илимпоз Брусатти. – Маселен, эгерде Сиз тиранозавр болчу болсоңуз, анда алааматтан кийин сиздин бешенеңиздеги мурдагы ийгилик жокко чыкты. Анткени табийгат эволюциясы сизди дан менен азыктануу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуудуртуп салган. Бирок сизге куштукундай данды тиштеп туруп, жутууга мүмкүндүк кылган тумшук шыбагаланса, же болбосо, өсүмдүк даны, уругу менен азыктанууга адистешкен сүт эмүүчү болуп келсеңиз, анда алиги алааматтан соң жылдызыңыз жанды дей бериңиз".
Эгерде алгачкы баскычта өсүмдүк уруктары фаунанын бөлүгүнүн аман калышына жардам берген болсо, ал эми кийинчерээк, өзөктүк жарылуудан пайда болгон узак мөөнөттүк алааматтуу кыш соңуна чыгып, күн көзү кайрадан көрүнгөн чакта, бул жаныбарлар жайылтып чачкан уруктардан жаңы токойлор жана бардык башка өсүмдүктөр өнүп чыккан. Ошентип, Жер жаңы түрдөгү флорага (өсүмдүк дүйнөсүнө) ээ болгон.
Ойго азыраак чөмүлгөн дурус
Алааматтуу кырсыктан кийин канчалык узак убакыт өткөн сайын, экосистемалар ошончолук жигердүү жанданышты, сүт эмүүчүлөр мурда динозаврлар ээлеген тиричиликтик уяларды жыргап ээлей башташты.
"Сүт эмүүчүлөрдүн түркүмдөштүрүлүшү илгерки динозаврлар жок болгондон кийин дароо эле башталган жана ал – ар тараптан өнүккөн көп түрдүүлүк болгон", – дейт Бертран айым.
Айрыкча айтканда, бул сүт эмүүчүлөрдүн көлөмү тездеп чоңойо баштаган. Арийне, ошол эле учурда окумуштуулар алардын бир кызыктуу өзгөчөлүгүн байкашкан: бул сүт эмүүчүлөрдүн мээси алардын жалпы дене тулкусунун өсүшүнө тете чоңоюуга үлгүргөн эмес.
"Муну түшүнүү абдан маанилүү, – деп баса белгилейт Бертран айым, – анткени, бир караганда, жашообузга жана андан кийин планетанын кожоюну болууга акылыбыз жардам берген деп жоромол кылсак болот. Бирок, факттар астероиддин ойрондоткуч соккусунан аман калууга жардам берген өңүт – мээлер эмес экенин көрсөтүп турат".
Анын үстүнө, эрте палеоцен доорундагы сүт эмүүчүлөр үчүн (алардын дене өлчөмүнө салыштырмалуу) чоң көлөмдөгү мээ деле тоскоолдук болушу ажеп эмес болчу.
"Деги эмне үчүн чоң көлөмдөгү мээ зарыл болмок эле, анткени андай мээни багуу өтө кымбатка турат да, – деп түшүндүрөт Бертран айым. – Чоң мээси бар жаныбар күчөтүлгөн азыктанууга муктаж. Эгерде тамак-аш таңкыс болсо, анда жаныбардын бул түрү жөн гана бүт бойдон кырылууга туш болушат эмеспи".
Оор шартта сүт эмүүчүлөр жаңы кырдаалга ыңгайлашуу үчүн мээнин ордуна булчуңдарды чыңдай башташты. Ошентип, өсүмдүк менен азыктанган эктоконус, – ал, кыязы, азыркы туяктуу жаныбарлардын алыскы түпкү атасы болуп эсептелет, – болгону бир нече жүздөгөн миң жылдардын ичинде (геология илиминин көз карашы боюнча бул мөөнөт – бир нече көз ирмемдик убакытка тете) 100 килограммдык салмакка гана ээ болду. Албетте, өсүмдүк менен азыктанган жаныбарлар эттенген соң, аларга аң уулап чыккан жырткычтар да семире башташты.
Шелли айымдын айтымында, окумуштуулар өтө көп убакыттан бери алааматтуу кырсыктан кийин сүт эмүүчүлөрдүн бул ыргакта тездеп көбөйүшүнүн жагдайын иликтөөгө анчейин көңүл бурбай келишкен.
СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,SARAH SHELLEY
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,
Динозаврлар кырылып жок болгондон кийин гирахиус (солдо) жана арктоцион сыяктуу ири өсүмдүк жегичтер жана жырткычтар тез арада пайда болушкан.
"Аларды архаикалык, өтө жөнөкөй деп аташкан, бирок чындыгында алар жөн гана башкача түр эле, – дейт Шелли айым. – Алардын ата-бабалары Жердин тарыхындагы экинчи жолку ири жапырт кырылуудан аман калышты. Алар планетада максатсыз эле тентип жүргөн акылсыз акмактар эмес болчу! Жок, алар тирүү калышты, анан гүлдөп-өсүштү. Алардын бул далаалаты байсалдуу болуп чыкты".
Бор доорунун соңку баскычы үчүн эң сонун болгон көптөгөн экологиялык уяларды, – астероиддик алааматтан кийинки дүйнөдө өз тиричилигин улантууга таптакыр даяр эмес болгон ажайып жаныбарлардан болгон жана азыктын алааматка чейинки мезгилдеги түрүнө өзгөчө мыкты адистешкен динозаврлар түбөлүккө таштап кеткен экологиялык уяларды, – дал ушул эң байыркы сүт эмүүчүлөр ийгиликтүү түрдө ээлеп калышты.
Брусатти мырза мындайча ой толгоосун айтат: "Ондогон миллион жылдар бою жашап жүргөн, учактын чоңдугундагы эбегейсиз зор дөөгө же автобустун чоңдугундагы кыйла зор жырткычтарга айланган динозаврлар Жер кескин өзгөргөн учурда кантип көз ирмемдер аралыгында кырылгандыгын элестетүү өтө кыйын. Динозаврлар тиричиликтин жаңы чыныгы кубулуштарына өзгөчө начар деңгээлде ылайык болуп чыгышты жана жаңы шарттарга эч кандай ыңгайлаша алышкан эмес болчу".
Эдинбургдук окумуштуулардын айтымында, окуялардын андан аркы өнүгүшү да ого бетер өзгөчөлөнгөн ажайып кубулуш болуп калды.
СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,NASA
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,
Алааматтуу (же сүт эмүүчүлөргө жогортодон жөнөтүлгөн деп азил чалыш айтылган) астероид Жердеги тиричилик бейнесин биротоло өзгөртүп салды.
"Биз бул планетада кокусунан пайда болдук, – деп Бертран айым оюн жыйынтыктайт. – Астероид Жерди жандап айланып өтүп кетиши ыктымал болчу; же ал планетанын башка бөлүгүндөгү бир мухитке түшүп кетиши мүмкүн эле, андай учурда алааматтан жаныбарлардын табигый тандоо жолу менен аман калышы такыр башка принципке ылайык болмок. Деги ушул сыяктуу өңүттөр жаатында ой толгосоңуз, тим эле акылдан азышыңыз ажеп эмес".
"Ал астероид Жерге тийбестен, жандап гана учуп өтүп кете алышы мүмкүн болчу, ал атмосферанын үстүңкү катмарын гана чийип өтүшү ажеп эмес эле, ал тургай Жерге жакындап келе жатканда эле быркырап кыйрашы ыктымал болчу, – деп Стив Брусатти мырза кесиптешинин оюн бышыктайт. – Ал башка бардык жагдайларга туш келиши ыктымал болчу, бирок бул астероид жөн гана кокустуктан улам түз эле Жерге багыт алып, (кулап түштү)".
Демек, бүгүнкү күндө биздин планетабызда жашап жаткан бардык сүт эмүүчүлөр бул астероидге зор ыраазычылык билдире алышат. (TT)