Адамдын жытында өтө чоң көлөмдөгү психологиялык жана биологиялык маалымат катылган, бирок эмнегедир биз ага көп деле маани бербей келебиз.
Франциянын падышасы Людовик XIV жыпар жыттарды аябай жакшы көргөн. Версаль ак сарайындагы ар бир бөлмө кесилген гүлдөр менен кооздолуп, эмеректерге жана фонтандарга атыр чачылып, келген конокторго ак сарайга кирер алдында суу чачыратылчу экен. Анын жеке гигиенасы бүгүнкү күндө биз күткөн стандарттарга жооп бербегендиктенби, же жөн гана жыттарды бири-бирине куюштуруп ойногонду жакшы көргөндүктөнбү, падыша Людовик XIV жыттын абдан чоң мааниси бар экенин ошондо эле түшүнгөн экен.
Биздин дене жытыбыз ден-соолугубуздун абалы жөнүндө кабар бере алат. Мисалы, адамдын кандайдыр бир ооруга чалдыгып калганы жөнүндө билдириши мүмкүн (холеранын жыты таттуу жыттанат, курч диабет болсо чирик алмадай сасык жытка ээ). Австралиядагы Маккуори университетинде иштеген жыт боюнча психолог Мехмет Махмут: “Дене жыты биздин эмне жегенибиз тууралуу маалыматты да ачып бере алат. Бул багытта бири-бирине карама-каршы натыйжа чыгарган бир-эки изилдөө жүргүзүлгөн, бирок менин изилдөө тобум сиз этти канчалык көп жесеңиз, дене жытыңыз ошончолук жагымдуу болорун аныктаган", - дейт.
Аялдар менструалдык циклинин фолликулярдык фазасында, боюна бүтүү ыктымалдуулугу эң жогору болгондо эркектер үчүн жагымдуураак жана таттуураак, ал эми этек кири келип жаткан маалда эң жагымсыз жыттанат. Макаланын авторлорунун пикиринде, биздин байыркы ата-бабаларыбыз бала төрөөгө жөндөмдүү, тукумду улап кете алган жакшы талапкерлерди тандап алуу үчүн жытты пайдаланган болушу мүмкүн. Эркек организмдеги тестестерон деңгээли да эркектин жытын жакшырта алат.
Адамдын жыты жеген тамак-ашына жана ден-соолугунун абалына жараша өзгөрүшү мүмкүн болсо дагы, өз генетикасы анын жытынын кайталангыс болушундагы көптөгөн факторлорду белгилейт. Ар бир кишинин денеси бөтөнчө бир бөлөк жытка ээ болот, ал эми биздин мурдубуз жыттарды тондош эгиздердин тердеген көйнөктөрүн башка адамдардын көйнөктөрүнөн ажырата алганчалык өтө так ажырата алат. Негизи тондош эгиздердин жыты өтө окшош болот, бул эксперименттин катышуучулары бир эле кишинин эки бөлөк көйнөгүн тондош эгиздердин көйнөгү экен деп жаңылып калган жайы да бар.
“Бул маалымат биз үчүн абдан маанилүү, анткени мунун аркасы менен гендер биздин жытыбызга кандай таасир кылганын көрүп жатабыз. Натыйжада, биз башка адамдардын генетикалык маалыматын жыт аркылуу таба алабыз”, — дейт Польшадагы Вроцлав университетинде иштеген психолог жана адамдын жыт алуусу боюнча эксперт Агнешка Сороковска.
Биз жыт боюнча өз генетикабыздан белгиленген, бизге жагымдуу келген косметиканы тандайбыз. Сороковска жана анын кесиптештери жыттарды тандаганына жараша кимдир-бирөөнүн инсандыгын бааласа болорун көрсөтүштү. Буга ылайык, Людовик XIV падышанын меймандары ак сарайына кирип келгенде абаны жыттап туруп, падыша жөнүндө бир нерсе билип калышы мүмкүн экени божомолдонот.
Бул маалыматтын баары биздин дене жытыбызда бар, бирок анын бизге пайдасы барбы?
Бир изилдөөнүн алкагында, аялдарга ар кайсы эркектердин көйнөктөрү берилип, окумуштуулар бул көйнөктөр аларга канчалык жагымдуу жыттанганы боюнча рейтинг түзүүнү өтүнүшкөн. Аялдардын тер көйнөктөргө артыкчылык көрсөтүү ирети HLA-окшош эместиги (адамдын лейкоциттик антигени (англ. Human leukocyte antigen)) катары белгилүү болгон схемага туура келген.
HLA — биздин иммундук системабызга өзүбүзгө таандык болгон клеткаларды, жана башка бирөөдөн же башка нерседен чыгып, потенциалдуу түрдө патоген болушу мүмкүн болгон клекталарды айырмалап билүүгө жардам берген протеиндердин тобу болуп саналат. HLA протеиндеринин кодун жазган ген комплекси MHC (гисто-дал келүүчүлүктүн башкы комплекси (англ. major histocompatibility complex)) деп аталат, ал биздин иммунитетибизде колдонулган башка протеиндердин да кодун жазат. Ал биздин иммунитетибиз кандай коргоо сунуштай аларын көрсөткөн белги катары окумуштуулар үчүн да чоң мааниге ээ.
Сиздин HLA-профилиңиз сиз жолуктура турган адамдардын баарынан айырмаланат болуш керек - бирок айрым кишилер, мисалы сиздин жакын туугандарыңыз башкаларга караганда сизге кыйла окшошураак болушат. Генетикалык көз караштан алып караганда, башка HLA-профили болгон адамдан балалуу болуу чоң жетишкендик болуп саналат. “Эгер өмүрлүк жолдошуңуздун иммундук профили жана дене жыты генетикалык жактан сиздикинен айырмаланса, анда силердин балдарыңар патогендерге каршы жакшыраак туруштук бере алат”, - дейт Сороковска.
Изилдөөгө катышкан ушул аялдар биринчи орунга өзүнүкүнөн өтө айырмаланган HLA-профилдүү эркектер кийген көйнөктөрдү коюшкан, ал эми эң окшош HLA-профилдүү эркектер кийген көйнөктөрдү акыркы орунга коюшкан. Мындайча айтканда, алар эркектерди айырмалай алышкан жана иммундук системанын генетикасы жагынан алып караганда эң ылайыктуусун артык көрүшкөн. Албетте, алар эмне кылып жатканын, кантип тандап жатканын баамдап билишкен деле эмес, мунун баары сокур сезим деңгээлинде жүзөгө ашырылган.
Сороковсканын айтымында, дене жытынын кимдир-бирөө үчүн жакшыраак болушуна алып келген HLA-айырмачылыктын конкреттүү механизми белгисиз. "Бирок, HLA биздин теридеги бактериялар тарабынан сиңирилип, белгилүү бир жыт чыгарат жана айрым заттардын иштелип чыгышына алып келет деген пикир бар".
Адамдар өмүрлүк жолдошун/көңүлдөшүн тандоо үчүн дене жытындагы жашыруун генетикалык маалыматты колдонушабы? “Жок, колдонушпайт го” деп ойлойсуң. Баш кошкон 3700 жупту изилдеген илимий иште бир киши HLA-профили окшошпогон түгөйүн таап алат деген ыктымалдуулук кокустуктан дээрлик айырмасы жок болгону аныкталган.
“HLA тандоого таасир кылбаса да, ал адамдардын жыныстык саламаттыгына таасир кылат”, - дейт Сороковска. Мехмет Махмут жана Германиядагы Дрезден университетинин окумуштуусу Илона Крой биргелешкен изилдөөсүндө, туубаса аносмиясы болгон (жыт сезе албаган) адамдардын жеке мамилелери эң начар болот деп божомолдонот.
Эмне үчүн бойдоктор башкача жыттанат?
HLA-профилдери бири-биринен эң алыс болгон жуптар жыныстык кошулуудан алган ыракаттануусу эң жогорку деңгээлде болгон жана балалуу болууга каалоосу эң күчтүү болгон. Булардын HLA-профилдери бири-бирине окшошпой калганы жөн гана кокустан келип чыккан болуш керек.
Мындай байланыш аялдарда эң даана байкалган. HLA-профили окшош эркектер менен мамиледе болгон аялдар жыныстык мамиледен алымсынбаганы жана бул эркектерден анчалык деле балалуу болгусу келбегени жөнүндө билдиришкен. Ошол эле кезде, бир нече изилдөөнүн жыйынтыктары эске алына турган болсо, келип чыккан натыйжа соңку эмес болушу толук ыктымал.
Эволюционист-биологдор аялдардын мындай тандоосунун маанисин жакшы түшүнүшөт. Жаратылышта көпчүлүк учурда ургаачылар эркектерди тандап алышат, анткени энелер балдарды тарбиялоого эң көп күч жумшашат. Демек, генетикалык жактан жетилбеген, сапаты начар эркек менен жупташуудан кийин, ал эң чоң жоготууларга учурап калышы мүмкүн. Ургаачы өз тандоосунда кыраакы болуш керек, ошондуктан эркектин сапаттарын сынай билүү үчүн кандайдыр бир кыйытмаларды, белгилерди издеп баштайт. Мына дал ошондуктан эркектер көпчүлүк учурда кызыл-тазыл болуп, бийлеп, сайрап, белектерди тартуулап берип, ургаачынын көңүлүн алганга далалат кылышат — алар ошентип өзүнүн генетикалык сапатын далилдеп көрсөтүп бериши керек.
Дене жыты менен гендердин ортосундагы байланыш футболка-көйнөктөрдү жыттоо аркылуу тез таанышуу иш-чараларын уюштуруу модасынын жана ал түгүл “жытты почта менен жиберүү” кызматынын келип чыгышына да себеп болду. Бирок, биз кимдир-бирөө менен таанышып жатканда, жыттын негизинде туура чечим чыгарарыбыз жөнүндөгү пикирди ырастаган далилдер анык эмес. Биз бир нерселерге артыкчылык беребиз деп айтышыбыз мүмкүн, бирок иш жүзүндө биз ошол артыкчылыктардын негизинде тандообузду кылбайт экенбиз. Эмне үчүн андай болбосун?
“Мунун себептеринин бири - чыныгы турмуш сценарийлери жытта камтылган маалыматты так колдонуу үчүн өтө татаал болушу мүмкүн. Биз жыттан алган маалыматтарды башка сезимдер - көрүү, угуу, тийип сезүү, даамын татып көрүүдөн алган маалыматтар бурмалап коюшу мүмкүн. Дене жытына таянып, биз башка адамдардын невротизмин так даана баалай алабыз. Бирок, биз ошол кишилерге бир кишинин дене жытынын үлгүсүн жыттатып туруп, ошол кишинин сүрөтүн көрсөткөндө, “алар адашып”, өз тандоолорунда кылдат болбой калышты”, — дейт Сороковска. “Ошондой эле, биз невротизмди адамдардын жүзүнөн гана баалай албайбыз”. Анын айтымында, дене жыты адамдын невротизмине баа берүүдө алда канча так жыйынтык берет, бирок адамдардын жүзү менен иштөө оңоюраак да, андыктан, биз эмне оңой болсо, ошону көбүрөөк кылат экенбиз.
"Биз, адамзат, өз жытыбызды жашыруу, бөлөк кылып көрсөтүү үчүн он миңдеген жылдарыбызды короттук" - дейт Мехмет Махмут
Дагы бир изилдөөнүн алкагында, турмушка чыккан аялдар күйөөсүнүн көйнөгүн, турмушка чыга элек аялдар болсо, “платондук” сезими болгон досунун көйнөгүн алып келишип, бул көйнөктөр туш келди эркек кишилердин көйнөктөрү менен аралаштырылган.
“Жакын мамиледе болгон аялдар жолдошунун / көңүлдөшүнүн жытын башкалардан артык көрдүбү? Сөзсүз эле ошондой болду деп айтуу мүмкүн эмес. Алар жолдошун / көңүлдөшүн биринчи орунга койгону боюнча ынанымдуу далилдер табылган жок”, — дейт Махмут. Мындай абалда аялдар жыты эң жагымдуу болгон күйөөсүн тандашкан эмес.
Махмут жүргүзгөн дагы бир башка изилдөөдө, бойдок эркектин жыты үйлөнгөн эркектин жытына караганда алда канча күчтүүрөөк болгону аныкталган. Окумуштуунун божомолу боюнча, мындай абал “тестестерондун жогорку деңгээли менен дене жытынын күчтүүрөөк болушунун ортосунда корреляциянын айрым далилдери барынан маалыатм бериши мүмкүн”. Биз тестестерондун азайышы менен картаюунун ортосунда байланыш бар экенин билебиз. Мындай кырдаал эркек киши никеде болгону, 40 жашка чыккандан кийин балдарга артыкчылык бергени, үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бөлгөнү, ж.б.у.с. себептер менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Туруктуу мамилелерде болгон, өзгөчө бала-чакалуу болуп калган эркектердин тестестерон деңгээли төмөнүрөөк болот.
Демек, биз дене жытыбыз аркылуу өзүбүздүн тукум улоо кудуретибиз жөнүндө маалымат берерибизди билебиз, ошондой эле башка адамдын жыты аркылуу анын кудуретин сезе алат экенбиз. Бирок, бул маалыматтарды алгандан кийин, ага ылайык кыймыл-аракет кылбайт экенбиз. Кылышыбыз керекпи?
“Эгер сиз үчүн генетикасы жакшы өмүрлүк жолдошту табуу жалгыз кызыкчылык болсо, анда сиз анын жытына көңүл буруп койсоңуз, туура болор. Бирок адамдардын көбү үчүн бул нерсе эң башкы мааниге ээ эмес, ошондуктан адамдардын көбү жытка көңүл бурбайт”, - дейт Сороковска.
Махмут анын пикирине кошулат: “Жыттын пайдасы кандайдыр бир деңгээлде азайып калды. Биз, адамзат, өз жытыбызды жашыртуу, бөлөк кылып көрсөтүү үчүн он миңдеген жылдарыбызды короттук”.