“Ар бир күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат” же “Эркектин башын төргө да, көргө да сүйрөй турган – аял” деген сөздөр эл арасында көп айтылат. Коом бул сөз менен аялдардын мойнуна чоң жоопкерчиликти жүктөп койгон жокпу? Артта калган, күчтүү болууга аракет кылган эркектер үчүн аялы жооп береби?
Айзаада аттуу аял сөзүн ушинтип баштады. Анын айтымында, ал күйөөсүн адам кылам деп чарчаган.
“Менин Эмил деген агам бар. Ал шаарда сот болуп иштейт. Жылына бир жолу айылга келгенде туугандар урмат-сый менен күтүп алышат. “Эмил аялы менен келиптир. Ушунун баары үйүндөгү аялынын акылдуулугунан. Көңүлү ток эркек өспөгөндө кантет эле”,- деп отурушат эле чоңдор. Эми бой жетип келе жатканымда болочок жубайымды элестетип, өзүмдү Эмил агамдын жубайындай сезип, “менин да жолдошум ийгиликтүү болот, мен бүт өмүрүмдү үй-бүлөмө арнайм, балдарымды багып, чоңойтом” деп ойлочумун.
Кудай буйругу менен курбумдун агасына турмушка чыктым. Көп сүйлөшкөн жокпуз, ата-энебиз таанышкандан кийин “убакытты өткөргөндө эмне, эки жаштын башын кошолу” дешти. Бир караганда карапайым үй-бүлөдөн чыккан келбеттүү, кичи пейил, жумушу бар жигит эле, “жаман болбосмун” деп ойлоп, турмушка чыктым.
Алгач ата-энебиз менен жашадык. Менин нервим ошол кезден начарлай баштады. Жолдошум апасынын айтканан чыга албайт. Айдын аягында аларга бир тыйын да калтырбай айлыгын карматып коёт. Аял болгондон кийин өзүмө керектүү буюмдарымды алгым келет. “Акчаны берчи” десем, “апамдан ал, айтсаң берет да” деп кутулат.
Үч жылдан кийин шаарга көчүп келдик. Даяр үй жок, батирде турабыз. Эки баланын бакчасы бар, кийим-кечебиз, тамак-ашыбыз бар, тапканыбыз өзүбүздөн артпайт. Бирок, апабыз жума сайын телефон чалып, “акча чогултуп үй алайын деген оюңар барбы? Тарта жесең, тай калат, коё жесең, кой калат. Койбой жесең эмнең калат?” деп макалдатып мазамды алат.
Жолдошум мамлекеттик кызматта болчу, татыктуу жумушу бар эле, “айлыгым аз, оокат кыла албайм” деп чыгып кетти. Башында “күйөөмдүн чечимин колдойм, бул убактылуу маселе” дечү элем. “Сеники туура, өзүң билесиң” деп келдим. Бирок, анын өсө турган түрү жок, артына кетип барат.
Азыр мен декреттик өргүүдө жүрөм. Баланын адаты да таттууларды, жашылча-жемиштерди жегиси келет. Ал эми жолдошум качан болсо “ага акча жок, болбой жатса кантейин” деп кутулат.
Турмуш курган алты жылдын ичинде жолдошума бир да жолу “көйнөк алып берчи” деп айткан эмесмин. Анткени “акча жок, коё турчу” деп айтарын жакшы билем. Керегин өзүм эптеп акча таап алам. “Ушуга жалдырабай эле коёюнчу” деп үйдө отуруп иштеп, тапканымдын баарын тамак-ашка жумшайм. Балдарды тойгузуш керек. Ошентсем ага да көнүп алды окшойт. “Үйдө тамак жокпу?” деп уялбастан сурайт.
Айылга барсак, ал жакта бир топ начальник бар. “Үйдө отуруп акча табасың, аны каяка коротосуң? Депозитке саласыңбы, күнүнө канча табасың?” деп тергөөгө алышат.
Эл катары үй-бүлө менен шаар шаар аралаганды да билбейбиз. Качан көрсөң “Акча жок, шаарга чыкканды бизге ким коюптур?” деп тыйып салат. Ал сейилге чыкпайт, же бизди чыгарбайт. Күймөлөнгөн тиричиликтен тажай баштадым. Балдарым кичине кезинде ар кандай оюн-зоок жайларына алып баргым келет, эртең эстей тургандай балалыгы болсо дейм. Бирок, жолдошум андайга кызыкпайт.
“Күйөөмдү адам кылам, ийгиликтүү болсун” деп жүрүп үйдүн эркегине айланып баратканымды эми түшүндүм. Мен кереги жок милдеттерди илип алыпмын. Эми муну кантип оңдоону билбей турам”.
Үй-бүлөлүк турмушун айтып берген Айзаада “Канткенде жолдошумду оңдойм, аны ийгиликке жеткирүүнүн жолу барбы?" деп кеңеш сурайт.