Орозо быйыл качан башталышы мүмкүн?

10 марта 2022 Орозо быйыл качан башталышы мүмкүн?

Рамазан айы Ай жаңыргандан тарта башталат. Ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска.

Быйыл орозо айы апрель айынын алгачкы күндөрүнө туш келиши мүмкүн.

Бирок азырынча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так датасын айта элек. Анткени рамазан Ай жаңыргандан тарта башталат жана ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат.

Эске сала кетсек, өткөн жылы аталган ай 13-апрелде башталып, Орозо айт майрамы 13-майга туш келген.

Орозо (Рамазан) айы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелип, ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албайт, суу да ичпейт.

kg.sputniknews