Дерматолог коллагенди кайсы куракта жана эмнеге ичүү керектигин айтып берди

9 марта 2022 Дерматолог коллагенди кайсы куракта жана эмнеге ичүү керектигин айтып берди

Коллагендин организмге кандай таасир этери тууралуу РИА Новостиге дерматолог жана нутрициолог Галина Феденкова ой бөлүштү.

Анын айтымында, коллаген азыркы рынокто эң көп колдонулган биологиялык активдүү кошулмалардын (БАД) бири. Аны жаштык, сулуулук жана ден соолук үчүн колдонгондор арбын. Бул организм үчүн тутумдаштыргыч ткандардын пайда болушуна катышкан маанилүү белок.

"Белоктун сырткы түзүлүшү серпилгичти (пружинка) элестетет. Убакыттан өтүшү менен ал үйрүлүшөт же ажырайт. Анан териге бырыш түшүп, чач менен тырмактар морт боло баштайт, ошондой эле муундар ооруп, тарамышка доо кетет жана башка көйгөйлөр жаралат", — деген адис.

Феденкованын айтымында, коллагендин азайышына бир гана карылык таасир этпейт. Кээде глюкозанын өзү жана C витамининин жетишсиздиги коллагендин талчаларын бузат. Ошондой эле стресс, гормоналдык көйгөйлөр, зыяндуу адаттар сулуулукка жана узак жашоого терс таасирин тийгизет.

Дерматолог коллагенди 30 жаштан кийин ичүүнү сунуштады.

"Биологиялык активдүү кошулманы эртең менен ачкарын ичсе пайдалуу. Аны менен кошо С витаминин ичүүнү сунуштайм, ал организмде темирдин көлөмүн азайтпайт. Бул заттар коллагендин сиңишине жардам берет", — деди адис.

Феденкова коллагенди бир ай ичүү керектигин, эгер анда натыйжа бербесе, курсту узартса болорун кошумчалады. Себеби биринчи ичип жатканда организм белокту ички ткандарга жумшайт. 

sputniknews