Эл 1,2 млрд. сомдук алтын куймаларды сатып алды. Улуттук банктын маалыматы

9 марта 2022 Эл 1,2 млрд. сомдук алтын куймаларды сатып алды. Улуттук банктын маалыматы

2015-жылдан бери 331,3 килограммдык уютулган алтын элге соодаланса, анын 165,5 килограммы кайрадан сатып алынган. Бул тууралуу Улуттук банктан айтып берди.

2015-жылдын 7-майынан тарта Улуттук банк уютулган алтынды сатып баштаган. Максат — акчаны чет элдик долларга эле салбай, кымбат баалуу металлга да инвестиция кылууга шарт түзүү эле. Куймалар алган тарап банкка кайра сатса болот деген эреже менен чыгарылат. Анын баасы күнүгө такталып турат.

"2015-жылдын 7-майынан тарта Улуттук банк 331,2 килограммдык аффинаждалган алтын куйманы 1 200,2 млн. сомго саткан", — деп айтылат алынган маалыматта.

Андан сырткары, баалуу металлды кайра сатып алынган маалыматтар да келтирилген, тагыраагы, 165,5 килограммды түзүп, ал 571,5 млн. сомго бааланган.

Улуттук банк 1 граммдан 100 граммга чейинки уютулган алтындарды сатып келет.

sputniknews