Юрист: мыйзам боюнча күкүк энелерден да алимент өндүрүлөт

9 марта 2022 Юрист: мыйзам боюнча күкүк энелерден да алимент өндүрүлөт

Мыйзам боюнча Кыргызстанда балдарын таштап кеткен энелерден да алимент өндүрүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык бейтарап сотунун арбитри, укуктук талдоочу Калыгул Салиев билдирди.

Ал карыган ата-энесин бакпай койгондордон, ооруп жаткан жубайын же жолдошун бакпай таштап кеткендерден да алимент өндүрүлөрүн эскертти.

Салиев сот тарабынан алимент чегерилип, бирок аны төлөбөй койгондорго кандай чара көрүлөрүн тизмектеп берген.

"Бир баланы бакпай койгону үчүн жалпы кирешенин төрттөн бир бөлүгүн, эки балага үчтөн бир өлчөмүндө, ал эми 3 же андан көп балага 50 пайызы өндүрүлөт. 2020-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Анда бир балага эң аз эмгек акыдан кем эмес каралган. Эң аз эмгек акы деген — 1 854 сом. Демек, бул суммадан кемибеш керек. Эгерде эки бала болсо бир жарым эмгек акыдан (2 781) кем эмес, ал эми 3 же андан көп балага эң аз эмгек акыдан эки өлчөм (3 708) төлөй турганы жазылган. Жоопкерчилик боюнча эгер атасы же апасы алимент төлөбөй койсо, Жоруктар кодексинде баладан атайын эле баш тартты деген берене бар, ошол боюнча жоопкерчиликке тартылат", — деди Салиев.

sputniknews