Кыргызстанда насыянын көлөмү 2,8 млрд. сомго кыскарды

9 марта 2022 Кыргызстанда насыянын көлөмү 2,8 млрд. сомго кыскарды

Ушул жылдын январь айында Кыргызстандын банктарында насыянын көлөмү 2 миллиард 747, 9 миллион сомго кыскарды. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы кредиттердин көлөмү ай сайын өсүп, рекорд улам жаңыланган.

Насыянын көлөмү боюнча маалымат:

  • 2021-жылдын декабрь айынын соңуна карата — 181 миллиард 783,3 миллион сом;
  • 2020-жылдын январь айынын соңуна карата — 179 миллиард 35,4 миллион сом.

Баарынан да кредиттин көлөмү улуттук валютада кыскарган. Тагыраагы, бул сумма 2,2 миллиард сомду түзөт. Ал эми чет элдик валютада насыянын көлөмү сомго айлантканда 500 миллионго азайган.

Насыянын көлөмү эмне себептен кыскарганы айтылган эмес. Бирок акыркы жылдардын январь айында депозиттердин көлөмү мурдагы айга салыштырмалуу аз болгон.

sputniknews