Путин россиялыктарга кредиттик каникул берип, жеңилдиктерди киргизди

9 марта 2022 Путин россиялыктарга кредиттик каникул берип, жеңилдиктерди киргизди

Мыйзамдын алкагында 1-мартка чейин насыя алган тараптар төлөө мөөнөтүн узарта алышат.

Россиянын президенти Владимир Путин жарандарга жана чакан, орто бизнеске колдоо көрсөтүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ага ылайык, Россиянын жарандарына жана чакан, орто ишкерлерге кредиттик каникул берилет. Анын ичинде ипотека дагы бар.

1-мартка чейин насыя алган тараптар 30-сентябрга чейин тиешелүү мекемелерге кайрылып төлөө мөөнөтүн узарта алышат. Мындай жеңилдиктерди коронавирустук мезгилде колдонгондор дагы алууга укуктуу.

Мындан сырткары, мыйзам өкмөткө тез арада пенсия жана жөлөк пулдарды жогорулатууга шарт түзөт.

Аны менен катар чакан жана орто бизнести 2022-жылдын аягына чейин пландык текшерүүлөргө мораторий киргизилет. Ошондой эле аккредитациядан өткөн маалыматтык технологиялык тармактагы уюмдарды 2024-жылга чейин текшерүүгө тыюу салат.

Федералдык өкмөт жана РФ субъектилери же муниципалитеттер келишимдердин шарттарын (буюм, баа, мөөнөт, төлөө тартиби жана башка) өз алдынча өзгөртүүгө укуктуу болду.

kg.sputniknews