“Окуусунун акчасын жок кылып салган”. Келининин жалганына тойгон эненин окуясы

9 марта 2022 “Окуусунун акчасын жок кылып салган”. Келининин жалганына тойгон эненин окуясы

“Окуусунун акчасын жок кылып салган”. Келининин жалганына тойгон эненин окуясы

“Өзүм эрте турмушка чыккам. Ошого кырктан ашканымда келиндүү болдум. Уулум да эрте үйлөндү. Кыздуу болсом деп кыялданчу элем, келиним келгенде абдан кубандым. Бирок, келин деген келин экен. Канчалык жакындатканга аракет кылбайын, бир кылыгы жаныма тиет да турат”.

Сабира аттуу жалгыз бой эне келининин жагымсыз аракеттерин койдура албай жүргөнүн айтып берди.

- Ооба, өзүбүз деле али жашпыз, эми ойноп-күлөр убакта уулум “үйлөнөм” деп калды. “Сен али жашсың, коё тур” дегенибизге караган жок. Сүйгөн кызы менен тааныштырып, эки тараптан кудалар чай үстүндө келиштик. Келинибиз студент экен. Балам акы төлөнүүчү бөлүмдө окуп жатканын, окууну бүтөөрүнө бир гана жыл калганын айтты.

Банктан кредит алып, куда түшүп, үйлөнүү тоюн алыбызга жараша өткөрдүк. Шаарга жакын айылдардын биринде турабыз. Тойду март айында өткөргөндүктөн, келиним шаарга каттап окуп жүрдү. “Мен экзаменге даярданып, китепканада бир аз отурдум” деп кеч келет. Биз унчукпайбыз. Бир аздан кийин “экзаменге акча чогултмай болдук” деп чыкты. Биз анын сураганын бердик. Май айында ал “үчүнчү курсту аяктагандым” деп келди.

Күзүндө “Биздин практикабыз башталды. Барбай эле койсом болот. Группадагы кыздар менен бир мекемеден өтө турган болдук. Акчасын берсек, мөөр басып берет экен” деди. Анын акчасын да таап бердик. Жолдошум экөөбүз үйлөнүү тойдун кредитин төлөйбүз. Уулум айлыгын үнөмдөп, жубайынын акыркы окуу жылынын акчасын төлөп берди. “Келин диплом алып, жумушка орношсо, өз кредитин өздөрү жаба турган болот” деп кубанып калгам. Антсем, биз билбеген нерселер абдан көп экен.

Келин бирде “сабак болбой калды”, бирде “башым ооруп, суранып келдим” деп, айтор кырк шылтоо айтып, үйгө эрте кайтып келе турган болду. Боюна жаңы бүткөн кез эле. Ошондон улам кыйналып жүрсө керек деп аяп койгом. Кышкы сессиясы башталган кезде көргүлүктү көрсөттү.

Балама келиндин куратору чалып, “Айгүл быйылкы окуу жылынан бери сабакка келген жок. Мурда андай эмес болчу. Же окуу акысын төлөгөнү шартыңар болбой жатабы?” деп сураптыр.

Анан үйдө ызы-чуу, уруш ьашталды. Бир карап келиндин мындай куулук-шумдук чыгат дей албайсың. Кан басымым көтөрүлүп кетти. Уулум менен келинди отургузуп алып, аябай суракка алдым. “Экөөңөр чогуу жок кылдыңарбы? Окуунун акысы кайда? Бул эмне деген шумдук?!” деп уруштум. Тилекке каршы, уулум да аялынын бул кылыгын билбептир. “Апа, мен эч нерсе билбейм, азыр угуп жатам. Мен аны сабакка барып жүрөт деп ойлогом. Кайдан билейин? " дегенде күйүп кеттим. “койнуңда жаткан аялыңды билбесең, несине үйлөндүң?” деп кыйкырып-кыйкырып алдым.

Келиним да мыңкылдаган адам экен. Кечке чейин кайда жүргөнүн, экзаменге, контракка деп алган акчаны кайда жумшаганын такалап, канча сураганым менен келинимден так жооп ала албадым. “Кош бойлуу эле, дагы бир нерсе болуп, балээсине калбайын” деп өзүмдү бастым.

Бирок эртеси кудагыйга чалып, ичимдегини төгүп салдым. “Бизди ушунчалык алдагыдай акмак болуп көрүнгөн окшойбуз. Мейли, бизге айта албаса, эмнеге күйөөсүнө көйгөйүн айтпайт? “Калп айтып, эптеп акча алсаң болду” деп тарбияладыңар беле” деп оюма келген нерселердин баарын айтып салдым. Кудагый уялды го дейм, оозун ача албады. “Эжеси ооруп жүрөт эле, ошонун балдарын карашты” деп кутулду.

Кош, ошентип, жолдошум экөөбүз университетке барып, жетекчилик менен макулдашып, бир жылдык окуусунун акчасын төлөп, дипломун алып бердик. Бизге диплом керектей күйүп-быштык. Ага баары бир. Төрөп алып, баласы менен алек.

Ушул окуядан кийин келиниме болгон сезимим суу сепкендей тынчыды. Азыр кимдир бирөө сөз айтса, “чын айтып атабы?” деп күмөн саначу болдум. “Кайда жүрөт?” деп тынчсызданам. Жашжаш туруп бизди алдап, акча алып жүргөндө бир күнү айыбым ачылып калат деп эмнеге ойлободу экен? Же бир нерсе десең түшүнбөгөн кем акылбы? Кантсе да, ушундай энеден төрөлгөн неберем калпычы болуп чыкпаса экен...

Келинди да кайда жүргөнүн, эмне кылып жатканын бир байкап туруш керек экен. Балдарыңар да аңкайып, ишенип жүрө бербесин. Антпесе, азыркы жаштардан баарын күтсө болот”.

Ооба, ишеним айнек сыяктуу. Ал талкаланса, кайра калыбына келбейт. Калптын казаны кайнабайт экенин унутпайлы.