Ракты алдын алат. Помидордун пайдалуу касиеттери айтылды

8 марта 2022 Ракты алдын алат. Помидордун пайдалуу касиеттери айтылды

Жашылчанын курамында В, Е, С сыяктуу витаминдер, кальций, жез, магний, клетчатка жана пектин бар.

Помидор антиоксидантка бай келип, ракты алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу Португалиянын саламаттык сактоо жаатындагы инновация жана изилдөө институтуна таянып РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге караганда, помидордун курамындагы ликопин аттуу зат абдан пайдалуу жана анда антиоксидант көп.

"Ликопин онкологиялык илдеттерди алдын алууга керек. Ал өзгөчө иштетилген помидордо көп кездешет. Маселен, соуста, помидор ширесинде. Мындан тышкары, анын курамында В, Е, С сыяктуу витаминдер, кальций, жез, магний, клетчатка жана пектин бар", — деп айтылат маалыматта.

Аталган жашылча сезгенүү ооруларын алдын алуу касиетине да ээ экени кошумчаланды.

kg.sputniknews