Жапаровдун кайрылуусунан кийин канча алтын сатылганы белгилүү болду

8 марта 2022 Жапаровдун кайрылуусунан кийин канча алтын сатылганы белгилүү болду

Өлкөнүн башкы банкы алты күндүн аралыгында эле 154,7 миллион сомдук алтын саткан.

Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунан кийин алтын сатып алууга кызыккандардын саны арбыды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.

Эске салсак, 28-февралда мамлекет башчы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга байланыштуу билдирүү жасап, анда акчасы бар кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырган.

"Бүгүнкү күндө алтын куймаларынын бардык түрүн сатып алууга суроо-талап күчөдү. Президент элди колундагы каражатын алтынга инвестиция кылууга чакыргандан кийин сатып алуучулардын саны кескин өстү. Алты күндүн ичинде эле — 25-февралдан 4-мартка чейин (27-февраль дем алыш күнү сатылган эмес) Улуттук банк 1 863 куйма сатып, баасы 154,7 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн башкы банкы үстүбүздөгү жылдын январь айында 400 миң сомго 16 гана алтын куймасы сатылганын белгиледи.

kg.sputniknews