Беларуста Россия-Украинанын кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Жыйынтыгы

8 марта 2022 Беларуста Россия-Украинанын кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Жыйынтыгы

Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединскийдин айтымында жолугушууда гуманитардык коридорлор көйгөйү узакка талкууланды.

Россия менен Украина делегацияларынын Беларустагы кезектеги сүйлөшүүсү аяктады.

Социалдык тармакка маалыматты алгачкылардан болуп Украина президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк кабарлады. Анын айтымына караганда, гуманитардык коридорлор боюнча логистиканы жакшыртуу маселесинде жылыштар бар.

Согуш отун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланат, бүгүн бирок жыйынтык болгон жок.

Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединскийдин айтымында жолугушууда гуманитардык коридорлор көйгөйү узакка талкууланды. Ал эртеңден тарта аталган коридорлор иштей баштарына ишеним арткандыгын билдирди.

"Украина тарап коридорлордун иштей баштары боюнча айтты", — деди Мединский.

Бул сүйлөшүүдөн күткөн нерселер болбой калгандыгын, эми дагы уланарын, позитивдүү жагдай боюнча айтууга али эрте деген пикирин билдирди.

Мединский РФтин делегациясы сүйлөшүүгө конкреттүү макулдашууларды, долбоорлорду жана сунуштарды алып келип, келишимге жетишилгени боюнча протоколго кол коюлат деген үмүт кылышканын да айтты. Бирок Украина тарап документтерди таанышуу үчүн алып кетип, эч нерсеге кол койгон эмес.

РИА Новости сүйлөшүүгө Москванын атынан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий жана Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов баргандыгын кабарлаган.

Ал эми Украинанын атынан президенттин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк, Жогорку Рададагы "Слуга народа" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников жана башка саясатчылар келген.

kg.sputniknews