Кайын-журт менен жашаган жаш үй-бүлөнүн абалы оор болот деп көп айтылып келет. Күнүмдүк көйгөйлөрдөн тышкары, мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр да бар. Ушундай маселелердин бири менен Алтынай аттуу келин бөлүштү. Ал айыом ата-энелерге кулак-кагыш болсун дейт.
“Биздин үй өтө тар эмес, эки-үч кабат да эмес, эл катары. Ар бирибиздин өз бөлмөбүз бар, бирок бирге турган соң, бир аз тегеректегилерге маани берип, этек-жеңди жыйып жүрүш керек деп ойлойм. Улуу балам айтып келгенде, унчукпай коё албадым... Ошол үчүн энем азыр мага кыр көрсөтүп жүрөт”, - деген келин ата-энесинин үйдөгү кылыктарынан уялып жүргөнүн кошумчалады.
- Мен чоң жалгыз келинимин. Ата-энебиздин жашы 60ка чыга элек. Күйөөмдөн кийинки эки карындашы турмушта. Бири беш, экинчиси үч жашар эки уулубуз бар. Үй-бүлөбүз жакшы турат, бирок бир маселе бар...
Айтканга уят... Бирок 7 жыл көрүп келе жаткан соң чыдамым кетти. Атам менен энем качан эсине келет? Качан этек-жеңин жыйып, үйдө келин, жаш балдар бар экенин түшүнөт?
Мейли... Жаш кезинде “сүйүүлөрү алоолонуп” тургандыр. Кээде түнкүсүн алардын үнүн укканда уялап кетебиз. Андайда күйөөм укпаган киши болуп калат, бирок кызарып, түрү бузулуп кетет. Алгач келин болуп келгенде бир күнү өзүм айтып, күйөөмдү ойготуп алып, уялып кеткем. Алардын мындай адаты бар экенин мен кайдан билдим?
Түн ортосунда сыртка чыккан элем. Ата-энебиздин бөлмөсүнөн кыңкыштаган үн чыкты. Ооруп калса керек деп чоочуп кетип, эшикти кактым. Бул энемдин үнү болчу. Уктоочу бөлмө болгондуктан, кирип барган жокмун. “Эне, бир нерсе болдубу?” десем унчукпайт. Чуркап барып жолдошумду ойготтум. Ал мени тиктеп турду да “ал оору эмес” деп башын жахдыкка катып жатып алды.
Көрсө, башка экен да... Бетимдин кызарганычы...
Ошондон бери мындай үндөрдү канча жолу уктук. Эртең менен чай куйганда алардын жүзүн карай албай отурат элем, азыр көнүп калдым.
Ал ал болсун, экөө кээде бири-бирине кылыктанып, тийишип түртүп өткөндөрүн көрүп, уялгандан жерге кирип кетейин дейм. Бул үйдө экөө гана жалгыз жүргөндөй, бал айын өткөрүп жаткандай жүрүшөт. Телевизор көрүп отуруп өбүшүп кетишет, атам энемдин аркасынан келип кучактай кетет, айтор бул бүтпөс махабат.
Менимче, балким жаңылышып жаткандырмын, ата-эне деген келин келгенден кийин бир аз өздөрүн жыйып, акылга келиш керек эле да, туурабы? Же мен өтө эски көз караштагы адаммынбы?
Чоң уулум жакында көргөнүн айтып келгенде абдан жийиркенип кеттим. Уулум чоң ата-чоң энесин жакшы көрөт, алардын жанында жатам деп ыйлайт. Алар каалабасын билем, бирок небереси да болбой эле ортолоруна жатып алат. Кээде уктап калгандан кийин алып келип ташташат. Балдар бөлмөсү жок болгондуктан, өзүбүз менен алып жатабыз, айлабыз жок.
Ошол уулум эртең менен бала бакчага баратканда “апа, түндө чоң атам чоң энеме жатып алды, алар күндө ушинтип ойношот” дегенде бетимдин отуу дуу этти. Ушундай кырдаалда жыныстык катнаш тууралуу түшүндүрө албайт экенмин али, эмне дээримди билбедим. Ошондон кийин балам ыйласа да жаныбызга алып жата турган болдум.
Күйөөмдү чоң конок бөлмөсүнүн бир жагын бөлүп, кичинекей болсо да балдар бөлмөсүн жасоого көндүрдүм.
Атам менен энемдин үйдө ачык-чачык кийим менен жүрө берейин айтпай эле коёюн, бирок түндөгү аракеттеринин дабышын чыгарбай, келин-баланын алдында өздөрүн сылык-сыпаа алып жүрүшс- деп гана тилеп калдым. Болбосо, качан ыңгайсыз абалга туш болом деп кысынып жүрүп чарчадым. Сүйүүсү миң жерден ачылып турса да, ашыкча болуп жатпайбы?!- дейт Алтынай ачууланып.