Кыргызда “сүт менен кирген сөөк менен бирге чыгат” деген сөз бар. 67 жаштагы карыя ушул сөздүн туура экендигине көзү жеткенин баяндап берди.
- 90-жылдардагы кыйынчылык заманда аялдардын баары базарга жан багууга чыгып кетишпеди беле?! Совхоздо иштеген бизге окшогон эркектер ал топко кошула албадык. Бышык жигиттер аялдары менен сооданын артынан кеткен, мага окшогондор айылда бала-чакага башы-көз болуп калганбыз.
Балдардын кенжеси 1993-жылы туулган. Бала менен отура албасын түшүнгөн аялым үч айлык баланы мага таштап, базарга чыгып кетти. Ырас, эркек болуп үй-бүлөмдү бага албадым, эч жерде жумуш жок. Аялым кошуна Өзбекстандын Кокон, Самарканд деген шаарларындагы базарларга барып, товар алып келип сатат. Айтор, аялга күнүбүз түшкөнү ырас.
Үч айлык наристени кошуна келин күнүнө бир маал эмизип жүрдү. Сүт берип көндүрө албадык. Чырылдап ыйлаганда кошунанын келини чыдабай чыдабай чуркап келет. Айлап, жумалап кеткен апасын издеп, менен көкүрөгүмө келип, эмчек издейт. Ушинтип көпжашагыр келин баламды адам кылды. Уулумду ошол келинге карыздарсың деп чоңойттум. Бул эми башка окуя.
Бирок, сүт менен кошо мүнөз сиңет деген сөзгө ушул уулумда көзүм жетти. Келинди жамандаган жокмун, анда жаш эле. Менин балам менен бирге эмчектеш өскөн кызы улуусу эле. Бир нече жыл өткөндөн кийин өзүнүн жаман адаттары менен белгилүү боло баштады. Анын жаман адаты колунун туткактыгы болуп чыкты, айылдаштарынын көбү үйүндөгү жоголгон буюмдарын анын үйүнөн таап эле, ызы-чуу болуп жүрүшчү. Кээде мени эл курчап алган.
Бул адаты үчүн күйөөсүнөн далай таяк жети. Бирок, токтоно алган жок. Бир күнү кызынын токмок жегенин угуп келген апасы эки жашты жараштырып жаткан аксакалдардын алдында: “Ээ, чоң атабыз заманын ызы-чуу кылган чоң ууру болгон экен, ал адаты кызыма берилиптир, кантейин?!” – деп ыйлаганы эсимде.
Кызык кичүү балам чоңойгондо башталды. Кичинекей кезинде мектепте анча-мынча китеп, калем уурдаганын балалык дедик, аны үчүн жазалап да жүрдүк. Ал эми жогорку класста окуп жүргөндө бирөөнүн тоогун, бирөөнүн велосипедин уурдап, сатып жиберди деп арызданып айылдаштар үйгө келе башташты. Ошентсе да, “балалык да” деп көп кабатыр болбоптурмун. Апасынын да кароого чамасы жок, ошол бойдон сооданын артынан түшүп, пенсия курагына жеткенче базарда жүрдү. Бардык күнөөнү өзүмдөн издедим.
Айылдагы эң чоң уурулугу – тууганыбыздын тоодогу бир үйүр жылкысын сатып жибергени жүзүбүздү жер каратты. Милиция келип мойнуна алдырганда жерге кирип кетейин дедик. Туугандар болуп чогулуп, үйүр жылкынын кунун төлөп кутулдук.
Анан бирөө: “атаңдын уурулугу жок болчу, сага кайдан кондубул адат?” дегенде кошунанын келиндин апасынын сөзү эсиме түшүп, жүрөгүм эзилип кетти. Мен да, апасы да ээсиз жаткан бир буюмду ала албайбыз, ага Кудай күбө. Мындай адатты биз улуу балдарыбыздын биринен да көрө элекпиз. Биздин ата-бабаларыбызда уурулар болгон эмес. Бул сүт менен келген жүрүм-турум экенин ошондо түшүндүм.
Ооба, туура. Баланы таштап сооданын артынан кеткен аялым, үй-бүлөмдү бага албаган мен күнөөлүүмүн. Эң эле биринчи биздин жаңылыштык... Бирок, сүт менен мүнөз сиңет деген сөз таамай айтылганына ынандым. Бул үчүн өзүмдү дагы деле кечире албайм. Балким, мен эсимди жыйып, белимди бууп, кандайдыр бир жол менен болсо да үй-бүлөмдү багууга аракет кылганымда уулум энесинин сүтү менен чоңоюп, бүгүнкү күндө мындай болбойт беле деп өкүнөм.
Ошол балам уурулугун токтото элек, баарыбыз урушуп, урушкандан тажадык. Ошон үчүн “отуруп” да чыкты, бирок токтото албады. Үй-бүлө да күтө албай жүрөт, – деп үшкүрүнгөн аксакал жаштарга акыл-насаатын айтты.
“Эне баласын баксын, үй-бүлөнү ата баксын. Ар ким өз милдетин аткарып, биздин замандын катасынан сабак алгыла, айланайындар!” дади ал.