Сурамжылоо жүргөн жок! Улуттук банк 50 миң сом тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү

4 марта 2022 Сурамжылоо жүргөн жок! Улуттук банк 50 миң сом тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү

Улуттук банк кыргызстандыктарга кайрылып, учурда эч кандай сурамжылоо жүрүгүзбөгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, учурда социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 50 миң сом сый акы берилет деген маалымат тарап жатат.

"Бул жалган кабар. Башкы банктын атынан күмөндүү даректер аркылуу билдирүүлөр келсе, аны ачпай туруп өчүрүп салгыла. Башкаларга дагы жибербегиле. Шылуундар мындай жол менен жеке маалыматтарды алып, банктык эсебине кирүүгө аракет кылууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле банктык картага тиешелүү жеке маалыматтарды эч кимге бербөө керектиги эскертилди. Мисалы, картанын ПИН-коду, жарактуу мөөнөтү, CVV/CVC коддор (картанын арты бетиндеги үч цифралуу) жашыруун маалымат болуп эсептелет.

sputnik