Соцтармак же мессенджердин иштебей калышына кантип даярданабыз? Адистин кеңеши

4 марта 2022 Соцтармак же мессенджердин иштебей калышына кантип даярданабыз? Адистин кеңеши

Социалдык тармактар менен мессенджерлердин ишине чектөө киргизилип же кандайдыр бир себептен улам үзгүлтүккө учураган маалда кыйынчылык жаралбаш үчүн андагы маанилүү маалыматтарды алдын ала телефонго, компьютерге же флешкага көчүрүп койгон оң. Бул тууралуу B&C Agency коммуникация агенттигинин кызматкери Иван Самойленко "Известия" басылмасына айтып берди.

Адистин пикиринде, интернет колдонуучулар алгач өздөрү пайдаланып жүргөн социалдык тармактар кайсы өлкөгө тиешелүү экенин билип алганы жакшы. Азыркыдай геосаясат туруктуу болбой турган учурда бул нерсе өтө маанилүү.

"Негизгиси социалдык тармак же мессенджерлер өчүп калса, кандай жол менен байланышка чыгарыңызды жакындар менен алдын ала макулдашып алганыңыз туура. Өзгөчө муну тууган-уругу, достору алыста жүргөндөр билип алышы керек. Анткени азыр социалдык тармактар чет өлкөдөгү жакындар менен байланышуунун бирден-бир булагы", — дейт адис.

Учурда интернетте Instagram, Google жана Facebook тармактарындагы контентти тез арада көчүрүп алуу боюнча кеп-кеңештер айтыла баштады.

sputnik