Стресс менен депрессиядан кантип арылуу керек. Эң жөнөкөй ыкма

4 марта 2022 Стресс менен депрессиядан кантип арылуу керек. Эң жөнөкөй ыкма

Бактардын, бадалдардын арасында басып, чөптү аралап жүргөндө адамдын психикасы бекемделет. Бул тууралуу Колорадо университетинин окумуштуулары билдиргенин PLOS One журналы жазды.

Изилдөөгө 1200 адам катышкан. Алар психикалык ден соолук, үйдүн жанында кандай жана канча парк, сквер жана жашыл майсаңдар жайгашканы тууралуу суроого жооп беришкен. Адистер сурамжылоого алынган респонденттер жашаган аймактардын спутниктен тартылган сүрөттөрүн чогултушкан. Муну алар изилдөөнү жасоодогу объективдүүлүк үчүн пайдаланышкан. Жашыл аймакта жашагандар (сейилдеп, пикникке чыгып) стресстин негативдүү таасирине, депрессияга алып келчү жагдайларга көп кабылбастыгы айтылган.

sputnik