“Жалгыз келиним өз үйүмө батырбай жатат”. Жашы 70тен ашып калган апа аянычтуу тагдырын айтып берди

4 марта 2022 “Жалгыз келиним өз үйүмө батырбай жатат”. Жашы 70тен ашып калган апа аянычтуу тагдырын айтып берди

“Жолдошум экөөбүздүн айылда чоң дүкөнүбүз бар болчу. Биз ошол айылдын “менмин” деген адамдары болчубуз. Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды багып, тарбиялап, жогорку билимдүү кылдык. Уулум университетти бүтүрөр жылы жолдошум каза болуп калды”, - деп зейнеп апа сөз баштады.

“Атасынын жылдык ашынан кийин уулум “үйлөнөм” деди. Уулум үйлөнөм дегенде төбөм көккө жетти. Кубанычтан бир күлүп, бир ыйлап, элден бата сураган күнүм кечээгидей эсимде. Уулум шаардан өзү менен бирге окуган кызга үйлөндү. Туугандарымды чогултуп чоң той өткөрдүм. Келиниме өз кызымдай мамиле жасап, келин-күйөө үчүн баарын, дүкөндү да өткөрүп бердим.

Келиниме “мени удаа-удаа неберелүү кыл, мен небере багып, чоң эне болуп отурайын” дедим. Айтканымдай, келиним үч небере төрөп, аябай сүйүнттү. Ал ортодо кызым турмушка чыкты. Ал эми күйөө балабыз балдар үйүндө тарбияланыптыр. Алар шаарда батирде турушат. Турмуштарын оңдоп алсын, жардам болсун деп кызым келген сайын дүкөндөн азык-түлүктү ашыра салып берем. Маал-маалы менен пенсиямды алганда айылдан жиликтеп эт салып берем. Кудайга шүгүр, жашоо-шартыбыз жакшы. Жалгыз кызымдан эмнемди аямак элем?

Жалгыз келиниме менин ушул кылыгым жакпай калды. Кызым алгач конокко келгенде чүрүшүп-бүрүшүп, сүйлөбөй койчу. Кийинчерээк ал уруш чыгара турган болду. “Ушул үйдүн баарын көчүрүп, кызыңызга алып барып бериңизчи. Бизге дүнүйөө керек эмеспи? Жетим күйөө балаңыз үй-бүлөсүн бага албаса, чамасына карап үйлөнбөйбү?!” дей турган болду. “Ай, кой, жетимдикти эч кимдин башына салбасын. Уулуң турат, кызың турат, тил тийгизбе! Ач-жылаңач эмессиң, пейилиңди тарытпа!” деп далай жолу айттым. Бирок, угар эмес.

“Сиз кызыңызга берсеңиз, мен да төркүнүмө берем” деп төркүнүнө ашыра дүнүйө ташыйт. Аптасына бир жолу төркүнүнө барбаса башы ооруйт. Мына ушундай кичинекей маселе ырбап, чыр чоң чырга айланып, үйдө жаңжал чыкты. Анан кызым: “Апа, биз менен бирге шаарга жүрүңүз, булар сиздин кадырыңызды билишсин. Менин төрөрүмө аз калды. Жанымды болуңузчу” деп алып кетип калды. Тилекке каршы, балам “Апа, бул үйдүн ээси сизсиз, эч жакка кетпеңиз” деген жок. “Шаарда да жашап көрүңүзчү” деп узатып койду. Кантейин?!.

Шаарга келгениме быйыл үчүнчү жыл. Кызым төрөп, баласын бала бакчага берди. Үйдүн жанынан дүкөн ижарага алып, экөөбүз соода кылып жатабыз. Күйөө бала шопур болуп иштейт. Үчөөлөп жүрүп бир үй алсак деген ниеттебиз.

Бирок мени эң көп кабатыр кылган нерсе – келиним экөөбүздүн ортобуздагы мамиле. Биздин мамиле дагы деле жакшы эмес. “Неберелериңиз сизди сагынып, шаарга барам деп жатат” деп балдарын тапыратып жиберет. Алар шаардагы дүкөндөн жей тургандын баарын каалашынча жеп, жебегенин төгүп-чачып, ысырап кылып, кызымдын берекесин качырышат. Ал эми мен кызымдын баласын айылга алып барайын десем “Келем десеңиз жалгыз келиңиз, эки үйдүн балдары кошулса, бул үй аткана болуп кетет” деп жолотпойт. Келинимдин мындай кылыгын түшүнө албадым. Көп болсо мейли эле, бир эле кызым бар эмеспи. Жеңе болуп, көңүлүн таап, сүйүнтүп койгонду билбейт. Аралары жылдан жылга сууп баратат.

Мурда “курусун, таш менен урганды аш менен ур деген, эртең өлсөм, көмө турган ушул уулум менен келимним эмеспи” деп майрамдарда, туулган күнүндө белегимди алып, куттуктап барчу элем. Былтыр 70ке чыгып, туугандарыма чакан той өткөрдүм. Ошондо келиним “тркүнүмдө сиңдим уул той берип жатат, ошого барышым керек” деп келбей койду. Андан кийин деле “Апа, туулган күнүңүз менен. Мен келе албадым, бул сизге” деп бир жоолук салып койгонго жарабады. Ушундан кийин эмне деш керек? Айылдагы үйүмдүн ар бир кышы, ичиндеги ар бир буюму, дүкөндүн ар бир бурчу мен үчүн кымбат. Ошону кезинде жолдошум экөөбүз кандай азап менен тургуздук эле. Ошону кыйып, таштап кетүү мен үчүн оңой эмес.

Башында эркелетип, кызымдай көрүп, жалгыз келиним деп кагып-силкпей мамиле кылганым азыр кесепетин тийгизип жатат. Уулум да жоош, аялынын айтканынан чыга албай отурат. Ошондуктан, менден кичүү сиңдилериме, замандаштарыма айтаарым, жаш келинге дароо бийликти кармата салбай, келинди келин жөнү менен тарбиялоо керек экен дегим келет”.

Ооба, кыргызда “баланы жаштан, аялды баштан” деген сөз бар. Ар ким үй-бүлөдөгү өз ордун, кыла турган ишин билгенде гана үй-бүлө бузулбайт. Муну эстен чыгарбай керек... Окурман, кандай дейсиз?