ЖККУда "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк пайда болушу мүмкүн

3 марта 2022 ЖККУда "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк пайда болушу мүмкүн

Мамлекеттик думага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча протокол түзүлдү. Анда "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк киргизилген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Федералдык мыйзамдын долбоорунда ЖККУнун 2007-жылдын 6-октябрында кабыл алынган тынчтык орнотуу жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча Душанбеде кол коюлган (2021-жылдын 16-сентябрында) протоколду ратификациялоо сунушталган.

Протоколдо "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк киргизүү каралган. Анын алкагында, БУУнун тынчтыкты колдоо боюнча операциясына колдонула турган ЖККУнун жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүн түзүү каралган.

sputnik