Көккө көтөрүлгөн туу! Кыргызстандыктарга дем берген видео

3 марта 2022 Көккө көтөрүлгөн туу! Кыргызстандыктарга дем берген видео

Бүгүн Бишкекте Туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленип, аскерлердин жүрүшү менен коштолду. 

Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара борбордук "Ала-Тоо" аянтында өттү. Анда туу көтөрүлүп, иш-чарага президент Садыр Жапаров жана бийлик өкүлдөрү катышты. Өлкө башчы кыргызстандыктарды туу майрамы менен куттуктап, элдин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желекти бийик кармоого чакырды. Андан соң аскердик жүрүш болду.

sputnik