Доллар менен алтындын баасы дагы деле өсүүдө. 3-мартка карата маалымат

3 марта 2022 Доллар менен алтындын баасы дагы деле өсүүдө. 3-мартка карата маалымат

Өткөн суткада евро менен доллардын курсу өсүп, алтын куймалар дагы кымбаттады. Ал эми май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат.

АКШ акчасын сатып алуу — 94,31 сом (69 тыйынга кымбаттады) болсо, сатуу — 97 сом (46 тыйынга кымбаттады). Ал эми рублди сатып алуу — 0, 869 (4 тыйынга кымбат), сатуу — 1,101 (1 тыйынга арзан).

Күйүүчү май мурдагы күндөрдөгү баасы менен сатылып жатат.

"Бишкек Петролеум":

АИ-92 — 60,9 сом;

АИ-95 — 64,9 сом;

Дизель майы — 61,5 сом.

"Газпром нефть Азия":

АИ-92 — 61,5 сом;

АИ-95 — 64,9 сом;

Дизель майы — 62,5 сом.

Алтындын баасы 1 граммы 65 сомго көтөрүлүп, 7845,5 сомдон сатылууда.

sputnik