300 миң долларды тамакка катып чыгармак болгон. Өзбекстандагы окуянын видеосу

3 марта 2022 300 миң долларды тамакка катып чыгармак болгон. Өзбекстандагы окуянын видеосу

Өзбекстанда 286 миң 900 долларды тамакка катып, өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымдады.

Билдирмеге караганда, шектүүнү Бажы кызматынын өкүлдөрү Ташкенттин аэропортунан колго түшүргөн. Видеодо көрүнүп тургандай, Өзбекстан жараны боо-боо болгон долларды фольгага ороп шоколаддын, таттуунун кутусуна, кесме салынган желим контейнердин алдына салып койгон.

ВИДЕО

Мыйзам боюнча Өзбекстандан сыртка 100 миллион сумдан (10 миң доллардын тегереги) ашык накталай акча алып чыкканга тыюу салынган. Ал эми мамлекетке алынып кирчү акчанын суммасына чектөө жок. Болгону көзөмөл эрежесин сактоо зарыл.

sputnik