Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Оюндун жүгүртмөсү

3 марта 2022 Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Оюндун жүгүртмөсү

Бүгүн, 3-мартта, Бишкекте төртүнчү дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алып, алгачкы оюндар башталат.

Мелдеш Бишкек шаардык муз аянтчасында өтөт. Чемпионатка жалпысынан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран катышат.

Командалар бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Дене тарбия жана спорт департаменти расписание менен бөлүштү:

1-тур — 3 март

Саат 16:00дө Малайзия — Кувейт;

Саат 20:00дө Кыргызстан — Иран.

2-тур — 4 март

Саат 19:00дө Сингапур — Иран.

3-тур — 5 март

Саат 17:30да Кувейт — Сингапур;

Саат 20:00дө Кыргызстан — Малайзия.

4-тур — 6 март

Саат 19:00дө Иран — Кувейт.

5-тур — 7 март

Саат 17:00дө Малайзия — Иран;

20:00 Кыргызстан — Сингапур.

6-тур — 8 март

Саат 17:00дө Сингапур — Малайзия;

Саат 20:00дө Кыргызстан — Кувейт.

2019-жылга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын курамында үч гана дивизион болуп, ага кирүү укугу үчүн Кыргызстандын командасы ошол жылы Бириккен Араб Эмирлигинде оюн өткөргөн. Ал эми 2020-жылы Эл аралык хоккей федерациясы төртүнчү дивизионду түзүп, ага Кыргызстан кирген.

Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

sputnik