Россия атайын операция учурунда РФ менен Украина тараптан канча киши өлгөнүн айтты

3 марта 2022 Россия атайын операция учурунда РФ менен Украина тараптан канча киши өлгөнүн айтты

Россия тараптан кызматтык милдетин өтөп жатып 498 аскер көз жумду, ал эми 1 597 аскер жарадар болду.

Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков Россия жана Украина тараптан канча жоготуу болгонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, кызматтык милдетин өтөп жатып 498 россиялык аскер көз жумду, 1 597 аскер жарадар болду. Маркумдардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлүп жатат.

"Ал эми Украинанын улутчулдары менен аскерлеринин арасында өлгөндөрдүн саны 2 870тен ашты. Жарадар болгондор 3 700гө жакын", — деди генерал.

Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.

Андан соң Украина тарап сүйлөшүүнү сунуштап, Россия макул болгон. Алгачкы раунд Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан. Ушуга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду күтүлүп жатат.

Ал ортодо Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы уланууда.

sputnik