Таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн. евродон 6 млн. эле калды. Акча кайда?

2 марта 2022 Таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн. евродон 6 млн. эле калды. Акча кайда?

Бишкектеги таштанды таштоочу жайды жаап, аны рекультивациялоого бөлүнгөн 22 миллион евронун 6 миллиону калды. Бул тууралуу калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, таштанды полигонун жаап, андагы таштандыны рекультивациялоо долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын жалпы суммасы 22 миллион еврого бааланган. Каражаттын бир бөлүгүнө таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу пландаса, жарымы таштандыны рекультивациялоого кетмек.

"Таштанды полигону — Бишкектин эң биринчи көйгөйү. Азыр бизде таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводго деген 6 миллиондой евро бар. Макул, ал заводду курдук дейли, андан ары кантип утилизация кылабыз? Бул маселенин баарын караштырып жатабыз. Жакынкы 2-3 айдын ичинде завод боюнча ишти баштайбыз", — деген мэр.

Калаа башчысы журналисттерге 6 миллион евро 22 миллион евродон калган каражат экенин айткан. Ал эми ЖМК өкүлдөрүнүн "калган акча кайда?" деген суроосуна "бул маселени карап жатам" деп жооп берген. Мэр бул маселени алгач өздөрү териштирерин айтып, ага чейин укук коргоо органдарына арыз жазбай турарын айткан.

sputnik