Бишкектин жаңы мэри Жапаров жана Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтты

2 марта 2022 Бишкектин жаңы мэри Жапаров жана Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтты

Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтып берди.

Ал өлкөнүн биринчи адамдары менен сый мамиледемин деген.

"Камчыбек Кыдыршаевич менен 15 жылдан бери таанышмын. Мен вице-мэр болуп иштегем, кесиптешим болчу. Садыр Нургожоевич менен жакында эле тааныштым. Мен "Мекенчил" партиясы менен шайлоого катышкам", — деди Абдыкадыров.

sputnik