Украина Беларуска ракеталык сокку урушу мүмкүн. Лукашенко Путинден С-400 сурады

2 марта 2022 Украина Беларуска ракеталык сокку урушу мүмкүн. Лукашенко Путинден С-400 сурады

Украина Беларуска эскертүү иретинде ракеталык сокку урушу ыктымал. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов "Украина 24" телеканалында билдиргенин Sputnik Беларусь жазды.

"Биздин аскерлер өлкөдөгү болгон техника, ресурстарды пайдаланып, жок кылып жатат. Башкы командачы кандай чечим чыгарса, ошону аткарабыз", — деген Данилов.

Ал арада АКШнын Коргоо министрлиги Беларусь аскерлеринин Украинага кире турганына эч кандай далил көрбөгөнүн брифингде билдирген.

"Беларустун аскерлеринин Украинага кирери боюнча ырастама жок. Биз эч кандай белгини көрө алган жокпуз", — деген Пентагон башчысы.

Ошол эле учурда Беларустун президенти Александр Лукашенко РФ башчысы Владимир Путинден эки С-400 комплексин сураганы маалым болду. Анын бири Беларустун аймагындагы Гомель облусунда жайгашкан. Экинчиси мамлекет башчынын планы боюнча Минсктин үстүнө, батыш жагына жайгашуусу керектиги айтылды.

sputnik