Жо Байдендин адашып украиналыктарды ирандыктар деп алган видеосу

2 марта 2022 Жо Байдендин адашып украиналыктарды ирандыктар деп алган видеосу

АКШнын президенти Жо Байден конгресстин алдында сүйлөп жатып, украиналыктарды ирандыктар деп атап жаңылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Путин Киевди танктар менен курчап алышы мүмкүн, бирок ал эч качан ирандыктардын жүрөгү менен жан дүйнөсүн ээлеп ала албайт", — деди Байден.

ВИДЕО

Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.

Андан соң Украина тарап сүйлөшүүнү сунуштап, Россия макул болгон. Алгачкы раунд Беларустун Гомель облусунда өтүп, делегациялар жетекчилик менен кеңешүү үчүн тарашкан. Ушу тапта сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду күтүлүүдө. Ал эми Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы уланып жатат.

Ал арада АКШ менен ЕБ Россияга карата санкциялардын бир нече пакетин жарыялап, чектөөлөр уланууда.

sputnik