Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

2 марта 2022 Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

Залкар акын, КРдин эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өткөрүлөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду кабарлады.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 16-март күнү саат 18:00дө башталат. Тандоо туру 15-март күнү саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында болот.

Сынак "Айтыш" коомдук фонду жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өткөрүлөт.

Айтыштын байге фонду — бир миллион сом.

Ашыраалы Айталиев төкмө акын гана эмес, обончу жана ырчы болгон. Ал убагында белгилүү акындар менен айтышып, улуу өнөрдүн ар кандай салттарын өнүктүргөн. "Жылкычынын ыры", "Ак шоокум", "Нарындан жазган салам кат", "Жолугабыз аз күндө", "Чабандын саламы", "Оюңда кимдин гүлүсүң", "Түшүнсөң боло суратпай" чыгармалары угармандардын арасында кеңири тараган.

sputnik