“Жеңеме үйлөнөйүн дейм, аялымды кыйбайм”. Тагдыры туңгуюкка кептелген мырзанын окуясы

2 марта 2022 “Жеңеме үйлөнөйүн дейм, аялымды кыйбайм”. Тагдыры туңгуюкка кептелген мырзанын окуясы

Илгери кыргызда агасы көз жумса, анын артында калган аялын инисине алып берген салты болгон. Бул бир боорунун балдарын бөтөнгө кор кылбай, жесирди ыйлатпай, өз элинде тарбиялап, чоңойтуунун жолу болчу. Кийин барып бул салт жок болуп кетти. Бирок, бул салтты кайра жандандырууну каалагандар бар экен. Мисалы, Нурболот аттуу жигит жеңесине ашык болуп, ага үйлөнгүсү келет. Бул тууралуу мындайча айтып берди.

«Кырктан ашкан кезимде жеңемди жактырып калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес», - дейт ал. - Үй-бүлөлүүмүн, беш балам бар. Алды студент. Жубайым да абдан жакшы адам. Кудайга шүгүр, мен бактылуумун. Бирок, акыркы убакта жеңемди башкалардан катуу кызганат экенимди байкадым.

Биз эки уул элек. Үч жыл мурун улуу агам Эркин көз жумган. Акыркы жылдарда ичкиликке берилип, тил албаган адамга айланып, мүнөзү өзгөрүп чыга келди. Ага ичимдик ичкен жакпайт эле. Мас болуп калган күнү көзүнө бир нерселер көрүнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп кетет эле. Бир тууган эжелерим менен далай көзү ачыкка көрсөттүк. Бирок, эч кандай майнап чыкпады.

Бир күнү агам үйгө мас болуп келип, короого кирээри менен «Кеткиле, кет, мен барбаймын!» деп ызы-чуу салыптыр. Балдары менен аялы жаткыруунун аракетин көрүшкөн, бирок ал эч кимге баш бербей, буту бутуна тийбей көчөгө качып кетет. Артынан чуркап чыккан балдары таппай калышат.

Эртеси бүт айыл чргулуп, Эркин агамды издеп жөнөдүк. Такыр тапкан жокпуз. Шаарда өзүнө окшогон ичкиликке берилип кеткен достору бар болчу, ошолорго кетип калдыбы деп шаардын базарын кыдырып көрдүк. Эч дареги жок. Эки жума өттү. Коңшу райондо бир төлгөчү бар экенин угуп, ошол жакка бардык. Тиги киши агамдын сүрөтүн карап отуруп: “Айылыңардын жанында дарыя же көл бар экен. Мен аны тирүүдөн көрбөйм турам, суудан табасыңар” деди.

Эркин агам экөөбүздүн жаш айырмабыз чоң, ортобузда эжелерим бар. Атам бул дүйнөдөк өтүп кеткенде мага өзгөчө кам көрүп, атанын ордуна ата болду. Ошентип, ал каза болгондо аскар тоом кулагандай эңгиреп калдым.

Биз дароо туугандарды чогултуп, айылдын жанындагы дарыяга барып, атайын суучулдарды чакырып издедик. Экинчи күнү өзүм чоң айрыны сууга салып, матыра бергенимде айры агамдын шишип кеткен санына сайылып, агамдын денесин өзүм таап алдым. Дарыянын түбүндө чоң жагыч бар экен, ошого тирелип, туруп калыптыр. Бул көрүнүш азыр да көз алдымда. Аны ойлогон сайын жүрөгүм дүкүлдөп, дем ала албай калам.

Деген менен, убакыт бир орунда турбайт экен. Тирүү адамдын тиричилиги өтөт берет экен. Өткөн жылы агамдын улуу кызын узартып, тууруна кондурдук. Үйүндө дагы эки уулу бар.  Буюрса, аларды өзүм үйлөндүрүп, колумдан келишинче жардам берем.

Бирок, бир маселе бар. Айылда ушак-айың жүрүп турат эмеспи, акыркы убакта кээ бирөөлөр «Эркиндин үйүнө баланчанын киргенин көрдүм», «Тугенше сенин жеңеңдин үйүңө көп барат» деп айтып калышат. Мындайды уккан сайын намыстанып, ачуум келет.

Аксакалдар илгерки салт менен үйлөнүүгө болот дешти. Андай кылам десем, аялым уруксат бербейт. "Тапкан акчаң өзүңө жетпей жатканда, бул кайдагы жорук? Жеңеңди аяп, бооруң ооруп атса, ошол үйгө барып жаша!” деп уруш чыгарат. Үй-бүлөмдүн ынтымагын бузуп аламбы деп корком. Антсе да, агамдын үйүнө кимдир бирөө кирип, төрүн булгаганына кыжырым келет. Бул тууралуу жеңем менен деле ачык сүйлөшө албай жүрөм. Аны башкалардан кызганган сайын жактырып баратам. Акыркы убакта ар нерсени шылтоолоп, көп бара турган болдум”.

Ошентип, агынан жарымган жигит туңгуюктан чыгуунун жолун таппай отурат. “Өгүз өлбөгөндөй, араба сынбагыдай” туура чечим чыгаруу үчүн элден кеңеш күтөт.