Киши өлгөндө эмне себептен мал союлган? Жөрөлгөнүн маани-маңызы

1 марта 2022 Киши өлгөндө эмне себептен мал союлган? Жөрөлгөнүн маани-маңызы

Өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгы чыккан соң коомчулукта ача пикирлер жаңырууда. Колумнист Шаакан Токтогул кылымдарды карыткан бул жөрөлгө эмнеден улам пайда болгонун, түпкү мааниси эмнеде экенин баяндоого аракет кылган.

Колубуз менен кармамайын ынанбаган тирликчил кишилербиз, алдастап шашпаган, аалам кутун карманган, көккө карап умтулган улуулуктан кол жууп калбагай элек...

Тизгин жаяр

Киши киши болуп жаралганы ааламга айкашып, акка ширелип, жаратканга уюп жашаган. Жаратканга, Айга, Күнгө, отко, сууга, тоого, төгөрөктүн төрт бурчуна урмат-сыйын кылып жашаган. Мындай аздек мамиле түптүү маданияты бар, түпкүлүктүү элдердин дээрлик баарында сакталуу.

Оо, абал башта баары жөнөкөй болчу. Анткени кишизаты ички туюмунан, өзөктөгү отунан, кудай салган жан сезиминен, табигый билимдеринен (салттуу билим), эсинен ажырай элек болчу...

Кезинде биздин заманга чейинки бешинчи кылымда жашап өткөн Лао Цзы кишилер өз акылынын кулу болуп баратканына, эс билгилигинен алыстаганына арман кылган тура.

Ошого "Киши канчалык акылы иштеген сайын табиятка, ааламга өзү аныктама бере баштайт, канчалык ошого ынанып, ишенген сайын жараткандан, чыныгы өзөгүнөн, өз жанынан оолактайт" деген экен...

Адам акылы менен Айга жетип, не бир түркүн илимдерди ачып, ар кандай түшүнүктөргө ар кандай жарлыктарды тагып, "бул мына мындай" деп ынандырып келет. Бирок Лао Цзы айткандай, чындыктан, Актан, жараткандан алыстаганыбыз алыстаган...

Эми алыстаганыбыз ушудур, киши каза болгондо мал соебуз-сойбойбуз болуп, талашып отурабыз...

Салттын санаты

Кыргыздын философу Нурзак Асанбеков айтты эле: "Ар жак-бер жагы 30 жаштан 70 жашка чейинки куракты толгон, бышкан курак деп эсептей турган болсок, бирдеме билип, акыл айта турган учурубуз 30-40 жылдын тегереги экен. Ал эми ата-бабанын салты миллиондогон жылдарды карытып, ошончо мезгилдин акыл таразасынан иргелип, жашоо сынынан өтүп келди. Демек, айныгыс чындык. Мен болбогон 30-40 жылдык тайыз тажрыйбам, тайкы түшүнүгүм менен миңдеген доор карыткан карт казынага сын дагы, каяша дагы айта албайм..."

Ал эми салт өзү жазылбаган мыйзам. Так аныктама бере албасаң да дилиңден аткарыш керек деп турган чындык. Биз билип-билбеген, туюп-туйбаган улуу күчкө байланышы бар. Ал аткарылып келген, аткарыла бермек...

Каран калгыр кара аш

Түптүү элдердин айырмасы эмнеде? Ар кырдаалга, ар жагдайга жообу болгондугунда. Азыр ушуга чейин ачылган кандай илим болбосун, анын негизги аныктамалары ар бир түптүү маданиятта жашап келет.

Жети ата санаты кыргызды кан аралашып, майдаланып кетүүдөн сактап келгени эле улуу элдин урпагы экендигибизге далил. Адамды түргө бөлүп, аялды түргө бөлүп, тоону, сууну, табиятты, ташты, ит-кушту, жан-жаныбарды, бак-бадалды түргө бөлүп, сыпаттама берип, жашоого аныктама берип келгени тегин эмес.

Кайып дүйнө менен катарлаш жашап, андагы жараткандын өзүнө, колдоочу коргоочу күчтөргө сый-урматын, жол-жосунун, сыяпатын салтында, анда аткарылган ырым-жырымында жасап жатпайбы...

Анан ушундай түптүү, тектүү ата-бабам карын-курсак үчүн, кожо көрсүн үчүн кара ашка мал соймокпу... Канча күндөн бери, ырас жаман акылыбызда боктоп да, жектеп атабыз. А түбүндө кан чыгаруунун, мал союунун канчалык мааниси бар?

Кыргызда эсендешкенде "мал-жаның аманбы?" дейт. Малдын жанга аралжы болорун билип, жандан биринчи малды сураган. Мал жанга аралжы болорун билип, мал менен киндиктешпиз деген. Төрт түлүктү аздектеп күткөн. "Малды теппе" деп аяр мамиле кылган.

Киши жаны үзүлгөндө жан көккө көтөрүлсүн үчүн, күнөөлөрүн кан жууп кетсин үчүн мал союшкан. Кудай-Арбак жолуна деген эски сөз жүрүп отуруп сыйкыр сөзгө (заклинание) айланган.

Ырас, мал соет десе эле ай туяктан катар-катар чала берген эмес кыргызда. Ар дайым ар ким өз ал-абалына жараша жандык союп, такыр жагдай-шарты жарашпагандар жетилеп, тогуздап токоч жасап зыйнатын кылган...

Ушунун канчалык чындыгы бар деп кванттык физиканы иликтеп жүргөн Дамира Ниязова аттуу элдик дарыгер, көрөгөч кишиден сураганымда мындайча жооп берген эле: "Киши деген киши, билип-билбей толгон-токой күнөө кетирет. Жан денеден бөлүнүп чыкканда боз болуп, салмактанып жерге тартып баштайт. Кара күчтөр жармашат. Кара ашка союлган мал мууздалганда кандын жытына алаксыйт терс күчтөр. Жан жеңилдей түшөт, агарат, жай каалгып, көккө учат".

Малдын жанга чындап аралжы болушу жан чыккан кезде болуп жүрбөсүн.

Өлбөймүн деп жутунуп, тоңбоймун деп кумтунуп далайлар өткөн дүйнөдөн. "Өлүп көрдүң беле" дегендей, а дейбиз, бу дейбиз, андагы ирмем кандай болорун билбейбиз. Баарын өлүм ашкере кылат, өлүм ак дегени чындык белем...

Тизгин жыяр

Кайран улуу-урматтуулар, жакынымдан айрылып, боорум эңшерилип турса, келген элге эки кесим эт бербей эле койдум деп опурулат...

Кайран келин-кесек, жасаган боорсок, салатын, тарткан түйшүгүн айтып кейип-кепчинет...

Кайран кадыр күткөндөр, кадырыма күйгөндөр алыс-жууктан келсе, кантип мал сойбоюн деп убара...

Кайран баштыкчылар, кызарган этти салып кетейин деп көптүн көңүлүн калтырат...

Көр тирлик деп, кекиртектин айынан секирмек болуп жүрүп салттын түпкү маңызын унутуптурбуз...

Көрсө, ашыкча чыгым үчүн, келген элдин курсагы үчүн мал соет турбайбызбы, анда жасабай эле коелу деп чыктык. Ал эми маркумдун зыйнатына күйгөн, жанын аруулантып, жай алдырууну ойлодук бекен...

А балким, мындан ары тирүү жашообузда жанды аруулантып, туура сүйлөп, туура тамактанып, туура жашап, жан жыргатып, жанды тындырарбыз. Көз өтүп жан көккө көтөрүлгөнчө агарып, тазарууга, асылданууга жетишербиз, жакшы малыбыз жанга аралжы боло албаса башка айлабыз дагы жок...

sputnik