Евробиримдик Россияга ири экономикалык жана финансылык согуш ачарын айтты

1 марта 2022 Евробиримдик Россияга ири экономикалык жана финансылык согуш ачарын айтты

Евробиримдик Москваны экономикалык жактан кысууга аракет жасайт. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз Россияга каршы глобалдык экономикалык жана финансылык согуш жүргүзгөнү жатабыз", — деген ал France Info радиостанциясынын эфиринде.

Украинада Россиянын атайын операциясы башталгандан бери батыш өлкөлөрү жаңы санкцияларды киргизип жатат. Евробиримдик Россиянын банкынын резервдерин жана активдерин башкарууга байланыштуу операцияларга тыюу салды. Ошондой эле россиялык бир нече финансылык уюмдар, Сбербанк жана ВТБ чектөөгө кабылды.

sputnik