Казакстанда Nur Otan партиясынын аталышы өзгөртүлдү

1 марта 2022 Казакстанда Nur Otan партиясынын аталышы өзгөртүлдү

Башкаруучу партия Nur Otan "Аманат" деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Партиянын аталышын өзгөртүү тууралуу сунуш саясий бирикменин бүгүнкү кезексиз съездинде сунушталган.

Казакстандын президенти, партиянын төрагасы Касым-Жомарт Токаев демилгени колдоого алган. Ал ошондой эле элдин биримдиги, кең талаасы ата-бабалардан калган аманат экенин белгилеген.

"Калкыбыз эч качан аманатка кыянаттык жасаган эмес. Партия ушул принципти бекем карманат. Ошондуктан мен партияны "Аманат" деп атоону толук колдойм", — деди Токаев.

Өлкө башчысы партиянын трансформациясы аталышты өзгөртүп коюу менен гана чектелбеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, коомчулуктун талабына жараша толугу менен алмашууга тийиш.

sputnik