Акыйкатчы кызматына төрт талапкер ат салышмай болду

1 марта 2022 Акыйкатчы кызматына төрт талапкер ат салышмай болду

Кыргызстандын акыйкатчысы кызмат ордуна төрт талапкер сунушталды. Маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, талапкерлер жактырылды.

"Ыйман нуру" фракциясы Маматурайым Момуновду, Атыр Абдрахматованы, Бакытбек Узенбаевди сунуштаса, "Ынтымак" фракциясы Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөттү.

"Ынтымак" буга чейин "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Бүтүн Кыргызстан" фракциялары менен биргеликте Акыйкатчы институтун башкарууга Абдырахматовага да ишеним көрсөткөн.

Талкуунун соңунда тармактык комитет сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Атыр Абдрахматова 2015-жылы дагы "Республика — Ата-Журт" фракциясы тарабынан акыйкатчылык орунга көрсөтүлүп, өтпөй калган. Андан соң 2020-жылга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.

Акун 2008-2013-жылдары акыйкатчы болуп иштеген. Момунов да мурда акыйкатчынын орун басарлыгын аркалаган. Ал эми Узенбаев Чек ара кызматында иштеп кеткен.

sputnik