Кыргызстанга кирүүнүн жаңы эрежелери 1-марттан тарта күчүнө кирди

1 марта 2022 Кыргызстанга кирүүнүн жаңы эрежелери 1-марттан тарта күчүнө кирди

1-марттан тарта пандемия шартында Кыргызстанга кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Чек арадан унаа менен өтүүдө же учак менен конгондорду каттоодо авиакомпания өкүлдөрүнө же санитардык-карантиндик көзөмөл пунктунун кызматкерлерине ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы же коронавирус инфекциясына каршы вакцина алгандыгын күбөлөндүргөн документ (кагаз же санариптик түрдө) көрсөтүлөт.

Учакка отурууда коронавирус инфекциясынын клиникалык белгилери жок болушу керек. Мында дагы ПЦР-анализ же эмдөө тууралуу сертификат талап кылынат. Белгилей кетчү жагдай, ата-энелеринин коштоосундагы 12 жашка чейинки балдардан тесттин жыйынтыгы же эмдөөнүн сертификаты суралбайт.

Эгер ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (авиакаттамдардын кечигүүсү ж.б.) чет элдик жарандар менен жарандыгы жоктор экспресс-тесттен кайра өтүүгө милдеттүү.

sputnik