Путин АКШнын кадамдарынан улам экономикалык чаралар тууралуу жарлык чыгарды

1 марта 2022 Путин АКШнын кадамдарынан улам экономикалык чаралар тууралуу жарлык чыгарды

Россия президенти Владимир Путин "АКШ жана ага кошулган чет элдик мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын кастык мамилесине байланыштуу атайын экономикалык чараларды колдонуу боюнча" жарлыкка кол койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Документ расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирмекчи. Бул жарлык Батыштын санкцияларына байланышкан.

Анда эмнелер айтылат:

  • чет элдик экономикага аралашып иш алып барып жаткандар быйылкы жылдын 1-январынан тарта сырттан келген валюталарынын 80 пайызын сатышы керек. Бул эреже топтолгон каражаттарга да тиешелүү, аларды үч күндүн ичинде сатуу зарылдыгы турат. Бул процессти Борбордук банк көзөмөлгө алмай болду;
  • резиденттердин резидент эместердин пайдасына карызга чет элдик валютаны берип, валюта операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат;
  • эми резиденттер чет элдик банктарда, уюмдарда ачылган өзүнүн эсептерине чет элдик валюта сала албайт, андан сырткары, банктык эсеп ачпай туруп чет элдиктер берген электрондук төлөм каражаттарын пайдаланып да акча которо албайт.

Мындан сырткары, компаниялар 31-декабрга чейин төмөнкү шарттарды сактап, салган акцияларын (салынган акциялардын жалпы санын кыскартуу максатында аларды сатып алууну кошпогондо) ала алат:

  • акциялар уюмдаштырылган сатыкка кое берилиши керек;
  • 2022-жылдын 1-февралынан тарта орточо көтөрүлгөн үч айлык баасы 2021-жылдын 1-январынан баштап үч ай ичинде көтөрүлгөн баага салыштырмалуу 20 жана андан көбүрөөк пайызга түшүшү керек;
  • 2022-жылдын 1-февралынан тарта фондулук рыноктун соода-сатыкты уюштуруучулары тарабынан үч айга эсептелген негизги индексинин баасы 2021-жылдын 1-январынан баштап мындай индекстин маанисине салыштырмалуу 20 жана андан көбүрөөк пайызга түшүшү керек;
  • акцияларды арыз берип, сатуунун катышуучуларынын чөйрөсү чектелбеген, уюмдаштырылган соода-сатыктан алган зарыл;
  • муну эл алдында ачык болгон акционердик коомдун тапшырмасы менен брокер жасайт;
  • анткен менен эл алдында ачык болгон акционердик коомдун директорлор жана байкоочулар кеңеши алар салган акцияларды алуу боюнча чечимди бул жарлыктын жоболоруна ылайык кабыл алышы керек. Ал документ алынган акциялардын категориясын (тибин), ар категорияда алынган акциялардын санын, мөөнөтүн аныктайт.

Аны менен катар эле жарлык эгерде акча которуу башка уюмдардан болсо жеке тараптардын өзү жана өкүлү келбей туруп эле кредиттик уюмдардан банктык эсеп ачуусуна мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн эсеп ачылган банкка жеке тарапты идентификациялоо үчүн маалыматтарды берүү зарыл.

sputnik