Disney, Volkswagen, Mastercard... Россияга санкция жарыялаган бренддердин тизмеси

1 марта 2022 Disney, Volkswagen, Mastercard... Россияга санкция жарыялаган бренддердин тизмеси

Украинадагы кырдаалга байланыштуу бир катар өлкөлөр жана алардагы дүйнөлүк бренддер Россияга каршы чектөөлөрдү киргизди.

Алар:

  • Япония өкмөтү Россиянын жетекчилигине каршы персоналдык санкция жарыялады. Алардын арасында президент Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу бар;
  • Volvo, General Motors, Volkswagen автоконцерндери жана АКШлык мотоцикл, аскердик техника өндүрүүчү Harley-Davidson компаниясы өз продукциясын Россияга чыгарбай турган болушту;
  • Айтылуу Walt Disney Company компаниясы өз фильмдерин Россиянын кинотеатрларында прокатка чыгарууну токтотту. Ошондой эле Warner Bros. компаниясы "Бэтмен" фильминин бет ачарына бир күн калганда фильмдин Россияда көрсөтүлбөй турганын жарыялады;
  • American Airlines авиакомпаниясы Россиянын "Аэрофлот" жана S7 компаниялары менен кызматташуусун белгисиз мөөнөткө токтотту;
  • Америкалык Mastercard финансылык корпорациясы Россиянын айрым финансылык мекемелерине төлөм системасына кирүүгө бөгөт коюп койду;
  • Спорттун беш түрүнөн мелдешүү боюнча эл аралык бирикме (UIPM) Россия менен Беларустун спортчуларына эл аралык мелдештерге катышууга тыюу салды;
  • АКШнын алты штаты россиялык "Серп и Молот", "Белуга" жана "Русский стандарт" бренддеринин ичимдиктеринен баш тартты.

sputnik