Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот

1 марта 2022 Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот

Кыргызгидромет агенттиги март айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Марттагы абанын орточо температурасы

Марттагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 4…6, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө норманын чегинде болору айтылды. 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен 3…8ге чейин, күндүз 8…13төн 19…24 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 0…5ке чейин төмөндөшү күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8ден -1…+4кө чейин, күндүз 3…8ден 12…17 градуска чейин өзгөрүлөт. Кээ бир күндөрү 0…-5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 43-61 мм, тоо этектеринде 30-52 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору туруп, 2…4 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6га чейин, күндүз 7…12ден 17…22ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү -1ден +4кө чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (35-37 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден 4…9га чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 1…6га чейин, күндүз 5…10дон 14…19га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү -1…+4кө чейин төмөндөшү ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо нормадан арбын, өрөөндөрдө нормага жакын болот (өрөөндөрдө 53-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-56 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден 4…9га чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 1…6га чейин, күндүз 5…10 градустан 14…19га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү -1…+4кө чейин төмөндөшү күтүлөт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…+4төн 3…8ге чейин, күндүз 5…10 градустан 14…19га чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо нормадан арбын, өрөөндөрдө нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 68-70 мм, тоо этектериндеги райондордо 87-122 мм, Токтогул районунда 33-35 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден 4…9га чейин, күндүз 9…14 градустан 20…25ке чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 1…6га чейин төмөндөйт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 1…6га чейин, күндүз 5…10 градустан 14…19га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү -1…+4кө чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 25-27 мм, тоо этектериндеги райондордо 68-70 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 1…3 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Чыгышында кээ бир түндөрү -5…-10 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз абанын температурасы 1…6дан 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (5-16 мм, чыгышында 28-35 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн -1…-6га чейин, кээ бир түндөрү -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз абанын температурасы -2…+3төн 6…11ге чейин өзгөрүшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (9-23 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -8…-10 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13төн -15…-20га чейин өзгөрүп, кээ бир түндөрү абанын температурасы -22…-27 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз абанын температурасы -4…-9дан -3…+2ге чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (32-34 мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -3…-5 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11ден 0…-5ке чейин, кээ бир түндөрү -12…-17 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -3…+2ден 3…8ге чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (42-44 мм).

Суусамыр

Абанын орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -8…-10 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон -15…-20га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -22…-27ге чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3…-8ден -2…+3кө чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (23-25 мм).

sputnik