Россия — Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады. Кандай жыйынтык болду

1 марта 2022 Россия — Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады. Кандай жыйынтык болду

Мединский делегациянын жакынкы жолугушуусу Беларусь — Польша чек арасында болорун айткан.

Россия менен Украинанын делегацияларынын Беларустун Гомель облусунда бүгүнкү сүйлөшүүлөрү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү процесстерин улантууну макулдашты. Кезектегиси жакынкы аралыкта болот. Бул туурасында Россия президентинин кеңешчиси Владимир Мединский айтканын RT жазды.

“Россия менен Украина сүйлөшүү процесстерин улантууну макулдашты. Кезектеги сүйлөшүү жакынкы аралыкта болот. Украина менен сүйлөшүү беш саатка жакын созулду. Бул учурда күн тартибиндеги бардык маселелер каралды. Сүйлөшүүлөрдө Россия, Украина делегациялары жалпы позицияларды божомолдоого мүмкүн болгон чекке келишти”, — деген Россия президентинин кеңешчиси Мединский.

Ал делегациянын жакынкы жолугушуусу Беларусь — Польша чек арасында болорун айткан.

Мединскийдин айтымында, сүйлөшүү беш саатка чукул созулган. Анын ичинде эки ирет тыныгуу болгон.

Ал Бишкек убактысы менен алганда саат 17:00гө жакын башталган.

Москванын атынан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий жана Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов барган.

Ал эми Украинанын атынан коргоо министри Алексей Резников, "Слуга народа" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк, Жогорку Раданын депутаты Рустем Умеров, Украина делегациясынын Үч тараптуу байланыш тобунун жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костин катышкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүнү Гомель облусунда болуп, бирок коопсуздук үчүн так дареги айтылган эмес.

sputnik