Орусия Кыргызстандын бюджетин 10 миллион долларга колдоду

28 февраля 2022 Орусия Кыргызстандын бюджетин 10 миллион долларга колдоду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустинге өткөн жылдын аягында көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, Орусия бюджетти колдоо үчүн 10 миллион доллар бөлгөн.

Жапаров ошондой эле Кыргыз Республикасы Россия менен кызматташууга, ошондой эле ЕАЭБ алкагында интеграцияга өзгөчө маани берерине ишендирди.

«Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуунун алкагында кыргыз тарап интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү жана жалпы максаттарыбызга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деди ал.

mediaplov.asia