Орусиядагы Кыргызстандын жарандарына бир миллион рублдан ашык акча төлөндү

28 февраля 2022 Орусиядагы Кыргызстандын жарандарына бир миллион рублдан ашык акча төлөндү

Орусияда иштеген кыргызстандыктарга 16-февралда 1 миллион 496 миң рубль төлөндү, деп билдирди КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишинин алкагында 15 жаран төлөмдөрдү алганы көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы 21 кыргызстандык дагы Элчиликке жардам сурап кайрылган, анткени «Профитсервис Центр» компаниясы тиешелүү айлык акысын төлөбөй койгон. Иш берүүчү менен консулдук кызматкердин жолугушуусунан кийин Кыргыз Республикасынын жарандарына 2 миллион 520 миң рубль өлчөмүндө төлөмдөр түшкөн.

mediaplov.asia