Жаан жаап, көчкү түшөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

28 февраля 2022 Жаан жаап, көчкү түшөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Өлкөнүн кээ бир аймактарында 1-марттан 3-мартка чейин жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар:

Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75, 89-101-чакырымдарында;

Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бишкекте 1-мартта жамгыр жаашы мүмкүн, бирок абанын температурасы төмөндөбөйт.

Таласта 5-мартта кар жаашы күтүлөт. Башка күндөрү өрөөндөрдө абанын температурасы 8...10 градуска чейин жетип, жылуу болору божомолдонду.

Түштүк аймактарда да аба ырайы апта ичи өзгөрүп турары айтылды. 1-март күндүз жана 2-март түнкүсүн жаан жаашы ыктымал. Жалал-Абад менен Баткендин тоолуу аймактарына үч күн кар жаашы күтүлүүдө.

Ысык-Көл менен Нарында 28-февралда жана 1-мартта жаан, тоолуу аймактарына кар жаашы божомолдонду. 3-марттан 5-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

sputnik