Украинанын делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди

28 февраля 2022 Украинанын делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди

Украиналык делегация Беларустун аймагына кирди. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү уюштуруп жаткандар менен жакшы мамиледеги политолог Юрий Воскресенский РИА Новости агенттигине билдирген.

Анын айтымына караганда, делегация Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрө турган жакка багыт алды. Коопсуздук үчүн так дареги айтылбайт.

"Украиналык делегация жол жүрүп келгенден кийин уктап алууну каалары боюнча маалымат бар. Сүйлөшүү убактысы жылып кетиши мүмкүн, бирок, эң негизгиси, ишке ашса болду", — деди Воскресенский.

Эске салсак, 27-февралда эртең менен Россиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Минскиге барган. Анын курамына президенттин администрациясынын, ТИМдин, Коргонуу министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Алар сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр экенин маалымдаган.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Беларусь тараптан да сокку урулуп жатканын айтып, жолугушуу үчүн Минск нейтралдуу боло албастыгын билдирген. Ал дагы тынчтыкты орнотууга, сүйлөшүүгө ынтызар экенин, бул үчүн Варшава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу башка шаарларды тандоону сунуштаган эле.

Беларусь убактысы боюнча саат 12:00дө Россиянын өкүлдөрү Украинанын жообун саат 15:00гө чейин күтөрүн, эгер келбесе бардык кан төгүүлөргө украин тарап жоопкер болорун билдиришкен.

Кийинчерээк Украина Россия менен Гомель шаарында сүйлөшүүгө акыры макул болгону кабарланган.

sputnik