КРдин Украинадагы элчиси эреже сактабаган кыргызстандыктарга нааразы болду

28 февраля 2022 КРдин Украинадагы элчиси эреже сактабаган кыргызстандыктарга нааразы болду

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Кыргызстандын кээ бир жарандарынын жоопкерчиликсиздигине нааразы болуп, чет элдиктер үчүн жалпы эрежелерди сактабай жатышканын айтты. Ал кайрылуусун өзүнүн Facebook баракчасына жайгаштырган.

"Аскердик конфликт башталганда консулдук бөлүмгө Кыргызстандын 50гө жакын резиденти мекенине кайтуу үчүн күбөлүк алуу максатында кайрылды. Себеби алардын паспортунун мөөнөтү өтүп же такыр эле документи жок экен. Балдардын ата-энелери Украинада төрөлгөн балдарына документ алып же мөөнөтү өтүп кетсе узартып койгонго жараган эмес. Кээ бирлери жарандык алып алгандыктан кыргыз паспортунун мөөнөтүн узартууга зарылдык болгон эмес", — деди элчи.

Ал документи жок жашы жете элек балдар боюнча эки учурду мисал келтирди.

"13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдүн ата-энелери Кыргызстандан телефон чалып балдары Ивано-Франковскиде (Украинанын батышы) жүргөнүн, бирок жанында документтери жок экенин айтышты. Паспорттору Киевдеги медреседе деп түшүндүрүштү", — деди ал.

Элчинин айтымында, өлкөдөн чыгып кетүү боюнча сунуштамалар берилгенине карабастан кээ бир жарандар коркунуч бар экенин түшүнбөй Украинада калып калган. Эми аларды тез арада эвакуациялоо маселеси турат.

"Жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн көп күч жана убакыт кетет. Учурда шаар ичиндеги кыймылга катуу чектөө киргизилген. Коомдук транспорт жүрбөйт, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, финансылык мекемелер иштебей калды. Бул дагы көйгөйдү чечүүдө кыйынчылыктарды жаратууда. Бирок элчилик Кыргызстандын жарандарын коопсуз жайга эвакуациялоо үчүн болгон күч аракетин жумшап жатат. Украинадагы биздин жарандарга кайрылып кетким келет: өлкөнүн эрежелерин сактаңыздар", — деди элчи.

Дипломат бүгүн эртең менен мекендештерди эвакуациялоо башталарын кошумчалаган.

Украинада баш калкалай турган коопсуз оруну жокторго төмөнкү жерлерде жайлар ырасталууда:

  • Киевдеги элчиликте (Печерский району, Редутный кууш көчөсү, 19/34);
  • Львов шаары (Польская, 6 көч.);
  • Одесса шаары (Варненская көч., 3а).

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

  • +380997573413;
  • +380442370346;
  • +380442370348 (WhatsApp)

КР ТИМинин Консулдук кызмат департаменти:

  • +996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
  • +996 703 428 865;
  • +996 709 983 465, +996 554 065 215.

sputnik